Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сот ноябрга жылды

Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн, 30-октябрда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча ишти кароону улантмак. Бирок ишти карап жаткан судьялар семинарга катыша турганына байланыштуу жараян жылып, кийинки териштирүү 10-ноябрга белгиленгенин жабырлануучу тараптын адвокаты Есения Рамазанова билдирди.

Акыркы жараян 25-октябрда болуп, анда маркумдун коңшулары, анын жаназасын окуган молдо суралган. Сот кийинки жарянда 30-октябрга белгилеген.

Сотто маркумдун атасы Турдаалы Кожоналиев «иш адилет каралбай жатат» деп нааразы болуп, президент менен жолугушууга жетишүү үчүн аракеттене турганын билдирген.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу да кармалган.

Бурулайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин Бишкектин Свердлов райондук соту сентябрдан тартып карай баштаган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу