Бурулайдын өлүмү. Шалаакылык беренеси боюнча айыпталгандардын аты аталды

Жабыркаган тарап сот ишин Бишкек шаарында өткөрүүнү суранган.

Кара-Балта шаарында Жайыл РИИБинин имаратында киши колдуу болгон 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын иши боюнча экинчи сот отуруму өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жабырлануучу тараптын жактоочусу Эсения Рамазанова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү сот отурумунда окуя күнү нөөмөттө болгон милиция кызматкерлеринин жана тергөөчүнүн иши каралган.

«Биз жалпы Жайыл райондук соттук отурумдун курамына ишенбөөчүлүк көрсөттүк. Анткени алар процесс башталганда эле соттолуп жаткандар тарапка тартып башташты. Сотто Жайыл райондук РИИБинин беш кызматкерине Кылмыш кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүмү (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголду. Алар Айткожоев Д.Т., Байтереков З.С. деген эки МАИ кызматкери, Кадышев Э.Т. деген тергөөчү жана Макеев М., Иманалиев И. Р. аттуу нөөмөт бөлүмүндөгү милиция кызматкерлери», — деди жактоочу.

Ал ошондой эле жабыркаган тарап сот ишин Бишкек шаарында өткөрүүнү сурангандыгын, сот ага макул болгондугун билдирди. Бирок азырынча кийинки процесс Бишкектин кайсы районунда жана качан өтөөрү маалым боло элек.Эске салсак, 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси жумуштан айдалып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерине дисциплинардык чара көрүлгөн.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу