Бурулайдын иши боюнча сот күнү белгиленди

Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иш сотко өтүп, отурум өтө турган күн белгиленди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиевдин адвокаты Есения Рамазанова билдирди.

Анын айтымында, Бурулайды өлтүрүүгө байланыштуу шек саналган Марс Бөдөшевдин ишин кароо 5-сентябрга, ал эми милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон ишти кароо 10-сентябрга коюлду. Эки иш тең саат 10:00дө Жайыл райондук сотунда өтөт. Адвокат Рамазанова биринчи эле соттук отурумда Жайыл райондук сотуна жана прокуратурасына ишенбестик көрсөтүп, Бишкектин Свердловск райондук сотуна өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирээрин кошумчалады.

Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө «Н+Б» деген жазуу жана крест болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан. Кийин кыздын сөөгүнө эки жолу соттук-медициналык экспертизанын жасалып, анда маркумдун денесинде кыйноо менен жазылган жазуу аныкталган эмес. Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси буга макул болгон эмес.

Бул фактыга байланыштуу 23 милиция кызматкери жазаланып, 13ү иштен бошотулган. Жайыл райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү («Өз ишине шалаакы мамиле») менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми кылмышка шектүү Марс Бөдөшевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») менен козголгон ишти Жайыл райондук ички иштер башкармалыгы иликтеген. Ал 20-июнда соттун чечими менен ооруканадан чыгарылып, эки айга камалган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу