Бурулайдын жакындары сотто көрсөтмө беришти, эми милиционерлер суралат

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сотто жабыркаган тарап сурак берип бүттү, эми кийинки отурумда окуяга күбө болгон милиция кызматкерлери суракка алынат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна маркумдун жакындарынын адвокаты Есения Рамазанова билдирди. Анын айтымында, сот 17-октябрда уланат.

Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Өткөн жараянда материалдык чыгымдарды калыбына келтириш үчүн соттолуучуларга 2 миллион сомдук доо коюлуп жатканы айтылды.

Бурулайдын өлүмүнө айыптуу катары аны ала качкан Марсбек Бөдөшев жана досу Акмат Сеитов соттолуп жатышат. Бөдөшев Бурулайды ала качканын моюнга алганы менен аны өлтүрбөгөнүн билдирди.

Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө киши колдуу болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө кол салганын билдирген.

Бул фактыга байланыштуу 23 милиция кызматкери тартиптик жазага тартылып, 13ү иштен бошотулган. Жайыл райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү («Өз ишине шалаакы мамиле») боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал эми кылмышка шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») менен козголгон.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу