Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев Бурулайдын атасы: премьердин тапшырмасынан бери Кашкар Жунушалиевди көрө элекмин

Кашкар Жунушалиев Бишкектеги маалымат жыйын учурунда Бурулайдын атасы менен жолугушуу болгонун айткан.

Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМ министри Кашкар Жунушалиев менен жолукпаганын айтты.

Эске салсак, Ички иштер министри бүгүн, 24-июлда Бишкектеги маалымат жыйын учурунда Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев менен жолугушуу болгонун айткан.

Буга чейин 16-июль күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министрине Бурулай Турдалиеванын атасы Турдали Кожоналиев менен жолугуп, анын жүйөлөрүн угуп, соттук-медициналык экспертизанын тыянагын тыкыр караштырууну тапшырган.

Кожоналиев өкмөт башчынын тапшырмасынан бери министрликтен эч ким менен жолуга электигин билдирди.

«Министр менен жолугуша элекмин, эч ким чакырган жок. Учурда комиссиялык соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат, ошонун жыйынтыгы чыкса министрдин өзүнө барсамбы деп жаткам. Эки-үч жума мурда анын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковго барып кеткем. Эгерде соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бул жолу да туура эмес чыкса анда үмүт бир гана президентте калат», — деди Кожоналиев.

Эске салсак, 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап,кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

20-июнь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Соттук-медициналык экспертиза маркумдун денесиндеги «Н+Б» деген жазуу болбогонун маалымдап, ал жандандыруу учурунда колдонулган дефибриллятордун изи деген жыйынтык чыгарып берген.

Бирок кыздын атасы анын төшүнө тартылган жазууну өздөрү жазып койбогонун айтып, Sputnik Кыргызстан агенттигине белгинин сүрөтүн алып келип көрсөткөн.

Булак: Sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу