Бул сулуулуктун сегиз осуятын акылдуу аймыдар гана билет


Адамда баардык нерсе сулуу болуусу шарт , жүзү,кийген кийими,оюу,жан дүйнөсү…

А.П.Чехов

Ар бир айым сулуу болууну самайт,бул үчүн ал өзүнө жакшы кам көрүш керек деп айтсам албетте сиздер үчүн жаңылык эмес! Бирок сулуулука кам көрүү бир нукта дайым өз убагында аткарылышы зарыл.

Жөнөкөй эле мисал сиз кандай гана кымбат косметикалык каражат колдонбоңуз эгер аны өз убагында жана өз ыкмасы менен колдонбосоңуз ал эч кандай таасир бербейт.

Биринчи осуят

Баардык процедураларды өз убагында аткарыңыз

Биринчи жана негизги мыйзам –баардык процедуралардын так өз убагында аткарылышы. Тери,чач,тырмактарыңызга кам көрүү сизге ырахат тартуулоосу керек. Жүзүңүзгө бет май,же маска коюуп жатканда эч жака шашпай, ырахаттанып  өз ыкмасы менен 10-15 мүнөт эс алып жатсаңыз сиздин бетиңиздин териси,жагымдуулугу менен жооп кайтарат.

 

Экинчи осуят

Эч жака шашылбаңыз

Келбетке кам көрүү жөнүндө сөз болсо, эч жака шашылбаңыз. Ар бир нерсени сиз сүйүү жана ырахат менен жасаганыңыз туура.Ошондо гана жадакалса бадыраңдан жасалган маска да, сиздин бетиңизге укмуштуудай таасирин берет.

 Үчүнчү осуят

Башканын каражаттары менен колдонбоңуз

Ар бир айым-өзүнүн адатары жана кыялдары менен өзгөчө, кайталангыс инсан. Демек өзүнө кам көрүүдөгү каражаттары дагы өзүнүкү болуусу тийиш.Чач тарагыч,пудра үчүн губка жана башка буюмдар бир гана адамга тиешелүү болуусу шарт. Өзүңүзгө тиешелүү гана буюмдар менен колдонуңуз.Башка бирөөнүн буюмдарын колдонуу менен бирге сиз ар кандай ооруларды жуктуруп алышыңыз мүмкүн, бул нерсе сизди түйшөлтөт жана албетте келишимдүү болууга жолтоо болот. Мындан сырткары өздүк гигиенага тиешелүү буюмдарды алмаштырп туруу  керек.

Төртүнчү осуят

Мөөнөтү бүткөн косметиканы ыргытыңыз

Эч качан мөөнөтү бүткөн косметиканы колдонбоңуз. Эгерде сиз скраб же маскаларды колдонуп жатсаныз эсиңизде болсун табигий үй шартында жасалган мындай каражаттын жарактуу мөөнөтү бир сутка гана.Өзүнүздүн косметикалык каражаттарыңыздын мөөнөттүн байма бай карап туруңуз. Эгерде мөөнөттөн өтүп кетсе, эч ойлонбостон ыргытыңыз анткени, жарактуу мөөнөтү бүткөн соң ар кандай реакциялар жүрүп сиздин организимиңизге терс таасирин тийгизет.

 

Бешинчи осуят

Туура тамактаныңыз

Эгерде сиз канткенде сулуу жана келишимдүү болом? деген суроого жооп издеп жаткан болсоңуз анда сизге тамак ашка көңул бурууга убакыт келди. Айым кандай тамактанса, келбети да ошондой көрүнөт.  Эртең менен “сулуудан”(овсянка) ботко жазап жегенден ээринбеңиз. Ага варенье же башка таттуу нерселерди кошпоңуз.

Бир ай ботко жазап жемеңиз, келбетиңизде өзгөрүүлөр байкалат. Жүзүңуздөгү майда барат тактардын саны кескин азаят. Бирок сиз 10-15 мүнөт кайнатыла турчу ботколорду алганыңыз оң  аларда пайдалуу нерселер көп жана арзан турат, ал эми даяр ботколор убакытты аз талап кылганы менен пайдасы аз. Бир күн ичинде өзүңузгө жаккан беш мөмө жемиш жеп,1,5 литр суу ичиңиз.

Алтынчы осуят.

Витаминдерди ичиңиз

Арзанбы же кымбатпы айрымасы көп эмес анткени курамы бирдей эле.

Аларды кантип туура ичүү керек? Биздин организм мезгилге жараша витаминдерге муктаж. Дал кайсы витамин керек болуп жаткандыгын аныктоо өтө татаал. Бул үчүн дайыма кан анализин тапшыруу зарыл. Ошондуктан биз витаминдерди ичкен маалда организимибизди камсыздайбыз ошону менен бирге  эле уулайбыз.Мисалы азыр сиздин организимиңизде цинк элементти өтө эле көп бирок сиз витаминдерди ичип атасыз,цинк ар бир витаминдин составында бар каражат болгондуктан организимиңизге кирип жатат, мындайда эмне кылуу керек?

Бул системаны колдонуңуз бир жума витаминдерди ичип бир жума тыныгуу кыласыз,тыныгуу мезгилинде минералдык сууну ичиңиз. Бул системаны витаминдериңиз түгөнгүчө колдоносуз.

Жетинчи осуят

Сапатуу косметика ж.б колдонуңуз

Дайыма колдонуп жаткан каражатарыңыздын курамына кылдат көңүл буруңуз. Эң жакшысы текшерүүдөн өткөн профессионалдуу косметикалык каражатарды колдонгонуңуз оң. Анда сулуулук салондордун кызматына деле муктаж болбой каласыз.Андыктан атайын косметолог тандап жана кеңеш берген каражаттарды сатып алыңыз.

Сегизинчи осуят.

Териге убагында көңүл буруңуз

Организимдин анын ичинде теринин дагы өзүнүн биологиялык сааты болот. Буга байланыштуу териге кам көрүүгө эң ылайыктуу убакыт болуп бул кечки саат 19:00 баштап 21:00 гө чейин маска, массаж, ж.б ушул убакытта жасаганыңыз оң.Түнкү бет майды уктаар алдында эки саат мурунсүйкөңүз. Эч качан кутудагы бет майды  колуңуз менен албаңыз.Мүмкүнчүлүккө жараша атайын сыгып алма бет майларды алыңыз.

Дайыма өзүңуздүн калоолоруңузду угуңуз. Жылмайып,көтөрүнкү маанайда жүрүңүз дал ошондо айланаңыздардан дайыма сизге арналган жагымдуу мактоолорго ээ болосуз. Сулуулук- эмгекти талап кылат муну эсинизден чыгарбаңыз. Өзүңүзгө кам көрбөө үчүн көптөгөн шылтоолорду таап, каранбагандардын санын толуктап жүрө берсе болот, бирок кичине эмгек кылып келишимдүү  болуу сизге да айланага да жагымдуу.

Келишимдүү болууга эч качан кеч эмес, бир гана сиздин каалоңуз жана кичине аракетиңиз зарыл!!!

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу