БУЖУМ АЙЫЛЫНДА ОКУУЧУЛАР УУЛАНДЫ

Баткен облусунун Бужум айылында окуучулар ууланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 18-майда аталган айылдын 7-классынын 7 окуучусу өздөрүн жаман сезип, Баткен облустук ооруканасына жеткирилген.

Иликтөөнүн натыйжасында болжол менен саат 15:30да окуучулардын бири класстын ичинен эшиктен таап алган белгисиз нерсени күйгүзгөн. Жаман жытты сезген ал бала көчөгө качып чыгууга үлгүргөн. Андан соң окуу уланып 21 окуучунун ичинен айрымдарынын дем алуусу оорлоп, жөтөлүп, баштары ооруп башташкан.

Жабыркагандарга жардам көрсөтүлгөнү, учурда алардын абалы канааттандырарлык экени белгилүү болду.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу