“БТА Банктын” жетекчиси кармалды

“БТА Банктын” директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскулов кармалды. Мындай кабарды тараткан журналист Элнура Алканованын айтымында, Темир Рыскулов Максим Бакиевге таандык делген “Идеал Хаус” коттедждик шаарчанын сатылышын иликтеген кылмыш ишинде катышы бар.

Былтыр Элнура Алканова журналисттик иликтө жүргүзүп, Максим Бакиевдин коттедждери кимдин колуна тийгенин жана чуулгандуу сооданын артында кимдин тураарын ачыктап чыккан. Депутаттардын пикиринде, бул соода-сатык мамлекетке кеминде 10 млн доллар чыгым алып келген. Журналисттин пикиринде, коттедждерди чыныгы сатып алган адам – Темир Рыскулов.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу