Айгерим Расул кызы: «Мени урматтап, айткан баамды төлөп тойго чакырып жатса, эмнеге барбайт экенмин?»

Айгерим Расул кызы социалдык баракчасына өзү тууралуу айтылган сындарга жооп жазды. Андан сырткары болуп өткөн чырдан кийин, дагы да болсо тойлорго чакыруулар көп болуп жаткандыгын баса белгиледи. «Мага жакшылыктарга, тойлорго чакыруулар көп болот. Бирок кечегиден баштап чакыруулар андан дагы көбөюүп күчөдү. Тойлордун баарын Айгерим ээлеп алды деп, анча мынчаларга жакпай баратат окшойм, өздөрүнөн өзү душман болгондор, каршылаштар көбөйдү. Менин кошбойлуу экениме карабай эл мени, сыйлап, урматтап, айткан бааны көтөрүп чакырып жатышса…мен эмнеге барбайт экенмин? Мен 3 жашымдан баштап элдин көзүндө чоңоюуп, 24 жылдан бери элдин кызматындамын! Мен биринчи кызымда үйдөн чыкпай жата берип 90 кг семирип кетип аябай кыйналып депрессия болгом. Ошол нерсе кайталанбаш үчүн болушунча көп кыймылдап аракет кылып жатам. Эзелтеден Кыргыздын күчтүү аялдары боюнда барда деле кара жумуш кылып, отун терип, чөп чаап…. чөптүн арасында эле төрөп, этегине ороп алып эле көтөрү. Акыл айткандар башыңарга түшкөндө, өз жоон, теринер менен сезгенде анан билесиңер!»,-дейт ырчы айым.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу