Бош орун толукталат…

Негизи партиялык тизме менен депутат болуунун мүмкүнчүлүктөрү  көп окшойт. Анткени, шайлоо аяктагандан кийин депутаттыкка илингендердин бир тобу ар кандай жетекчи кызматтарга аттана берет экен. Алардын ордун улам кийинки тизмедегилер ээлей беришет. Мына жакын арада «Республика Ата-Журт» фракциясында бошой турган орунга жаңы депутаттын ысымы аталат. Анткени, депутат Акылбек Жаманкулов  «Альфа Телеком» ишканасына жетекчиликке бекигени турат. Бошогон орунга Токтогул районунун кулуну Нурбек Тотоновдун келери белгилүү болуп калды. Ал жакынкы мезгилдерде эле Токтогул өнүктүрүү фондун жетектеп, райондун калкына бир топ алгылыктуу жумуштарды бүтүргөн экен. Маселен, таза суу менен камсыз кылуу. Көпүрөлөрдү оңдоо жана башка. Өткөн парламенттик шайлоодо бир далай Токтогулдук жараандар Тотонов мырза тизмесине кирген «Республика Ата-Журт» партиясына добуш беришкен экен. Жаңы келчүү депутатка эмне тилек кылабыз? «Балык депутаттардын курамына кирбей, өтө курч маселелерде өз пикирин  тартынбай айткан, эң негизгиси элге керектүү мыйзамдарды иштеп чыккан депутат болсо экен деп үмүт кылалы!

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу