— Бүгүн, 28майга караган түнү саат 03:20 чамасында ЫсыкКөл районунун Бостери айылындагы «АсылТаш» эс алуу жайында коттедж өрттөндү. Turmush басылмасына маалым болгондой, айтылган дарекке 2 унаа менен барган өрт өчүрүүчүлөр өрттү саат 08:50дө толугу менен өчүрүшкөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрт учурунда №1 коттедж толугу менен, ичиндеги жууркантөшөктөр, палас жана килемдер кошо күйүп кетти. Анын жанындагы эки коттеджди сактап калышкан. Маалым болгондой, өрт чыккан пансионатСалкынай Алимбаеванын наамында. Ал Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы. Учурда өрттүн себеби такталып жатат
Булак: Турмуш кж