Боршайкомдо эмгек укуктар бузулуп жатат

Азыркы Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы журналисттердин, коз карандысыз байкоочулардын катышуусу жок, же дем алыш кундору ММКна кеч чакыруу жонотуп жыйын откозгону конумуш корунуш болуп калды. 6 апрелде БШКнын кечки жыйыны болуп, 2016-жылда откон референдум, жергиликтуу кенештердин шайлоосун откозуудогу айрым шайлоо комиссияларынын, БШКнын аймактык кызматкерлеринин ишмердуулугуно баа беруу боюнча БШКнын алдында тузулгон атайын жумушчу топтун сунуштамасынын негизинде токтом кабыл алынган.

Токтомдун негизинде БШКнын торайымы Шайлдабекова Н. коп кызматкерлерди «референдумда жакшы иш кылган жоксунар» деп жумуштан кетирген. Бирок Н. Шайлдабекованын буйругу менен макул болбой, жумуштан мыйзамсыз кетирдинер деп сотко кайрылгандар, нааразы болгондор коп. Сотко кайрылгандардын копчулугу шайлоо системасында 10 жылдан кем эмес иштеп келген адистер. Арыздануучулардын бири БШКнын Жайыл районунун атайын окулу Копосбаева Гульмиранын сотко берген арызында, жумуштан кетируу тууралу торайымдын буйругун электрондук почта аркылуу алгандыгын, бул эмгек кодексинин одоно бузулушу деп айтылган. Г. Копосбаева аны жумуштан кетирууго дагы ишмердуулугундо эч кандай катачылык болбогонун, БШК эч кандай тушундурмо албастан, кесиптик бирликтин макулдугу жок эле, дагы башка коп анын эмгек укуктарын бузуу менен буйрук чыгарган деп эсептейт.

Сонку учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда БШКнын Жайыл району боюнча атайын окулу Копосбаева Г., Араван району боюнча атайын окулу Камчыбеков Т., Кара-Суу районундагы системалык администратор К. Алишовдун жумуштан мыйзамсыз кетируу, жумушка кайра калыбына келтируу боюнча арыздары каралууда, деп БШКнын ичиндеги булактарыбыз маалымдашты.

Булак:Искра.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу