Бороондон улам Кытайда эки миллиондой киши көчүрүлдү

«Мангхут» тайфуну Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясына жетип, 2,4 миллион киши коопсуз жерге көчүрүлдү. Катуу бороон буга чейин Филиппиндер жана Гонконгду каптап, ондогон адамдардын өмүрүн алып кеткен.

17-сентябрда Гонконг бийлиги катуу бороон олуттуу зыян келтиргенин, 300 киши жаракат алганын билдиришти.

«Мангхут» бороону Филиппиндердин түндүгүнө 15-сентябрда жеткен. Ал жакта шамалдын ылдамдыгы саатына 205 чакырымды түзгөн. Филиппиндердин улуттук полициясы табият кырсыгынан курман болгондордун саны 64кө жеткенин билдирди. Алардын көбү жер көчкү алдында калышкан. Кеминде 43 кишинин дайыны табыла элек.

Кытайдын Гуандун аймагына жеткенде бороондун күчү басаңдап, шамалдын ылдамдыгы саатына 162 чакырымды түзгөнү кабарланды. Ошентсе да 17-сентябрда провинцияда эки киши курман болгону маалымдалууда. Бир катар шаарларда аба, темир жол каттамдары токтотулду.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу