Борончу Кудайбергенов, куудул, ырчы: «Борончу Тынарды ушактады деп жатышат. Бул  ушак эмес»

-Борончу байке,  Казакстандагы куудулдардын эл аралык фестивалына катышып келдиңиз окшойт… — Казактар жылына 2 жолу эл аралык күлкү фестивалын уюштурушат. Фестивалга катышып өзүмө тажырыйба топтоюн дедим. Себеби,  көп жылдан бери  Ысык-Көлгө эл аралык күлкү кечесин өткөрөйүн деп аракет кылып жүрөм . Фестивалга көп улуттардын белгилүү куудулдары келишти. Барып алардын ар бири менен таанышып, канча тыйынга келишет,  кандай шарттарды талап кылышат, сүйлөшүп алдын ала болжолдуу келишим түзүп келдим. Алар “колдойбуз, Сочи сыяктуу туристерди чакырууга өзүңөргө жакшы шарт түзүлмөк дагы” дешти. Көлүбүз мактана тургандай жер, элибиздин мүнөзү , меймандостугу башкача дегендей. Кыргыздар илгертеден эле конокторго адамгерчилик менен жакшы мамиле жасап келген . Апаларыбыз кичинебизде момпосуйларды “конок жесин”- деп катып койчу эмес беле (күлүп). — Казакстанда көрүүчүлөр сиздин тамашаларды кандай кабыл алышты? — Казак менен кыргыздардын ой жүгүртүүсү бирдей эле. Абды Кадырматов деген куудул досум көптөн бери казактар менен иштешип жүрөт. Абды аркылуу ошол фестивалга бардым. Интермедияны да экөөбүз чогу аткардык. Менин максатым барып эле катышып келүү эмес болчу. Көптөн бери Орусиянын “Кривое зеркало” долбооруна катышууну ойлонуп жүргөм . Сатираларымды видеого тартып сайтына жиберсем болмок, бирок тезирээк жол менен “мергенчи бир окко ишенет” дегендей жакшылап даярданып доолборго катышууну көздөп жатам. Ошол фестивалда Абытты (ред:өзбек куудулу Обид Асамов ) “менин өнөктөшүм бол, экөөбүз туура келебиз , сен Өзбекстандын бой жагынан “алп куудулу болсоң, мен Кыргызстандын «алп» куудулумун. Сага экинчи дем болот, ал эми мага “Кривое зеркалого” катышууга мүмкүнчүлүк болот. Мага жардам бер” . Орусияда өзбектер,  кыргыздар көп.  Андан соң ал жакка гастролдойбуз «-деп тамашага салып отуруп көндүрдүм. — Ал кишини  жакында өлкөбүзгө чакырып жаткан экенсиз?   — Ооба.  Фестивалда Карен Авенесян “Кривое зеркалого” катышуу үчүн алгач Петросянга сахнадагы номериңди көрсөтүшүң керек. Концертиңди , эл менен кандай иштегениңди видеого тартып жибер” деди. Анан ойлонуп Абыт менен бирге 19-июнь күнү Ошто, 20-июнь күнү жалал-Абадда , 21-июнь күнү Бишкектеги кыргыз, өзбек , орус тилдеринде концерт уюштурууну чечтим. Ошол концертте биротоло ырдаган жөндөмүмдү да видеого тартып жиберем. Аны тим эле Өзбекстандын президентти келчүдөн бетер “мындай тамак жесин , мындай жерге жатсын”- деп Рахман Разыков байке экөөбүз чуркап жүрөбүз.  Абыт барганда,  “ Борончунун концертине эмес, кыргыздарга барып келдим”- деп айтат да. — Абыт мырза экөөңүздөр бой жагынан төп келип эле калат турбайсыздарбы? — Өмүрбек деген баланы “телохранителим” деп тамашалап койчумун. Абыттын бою ошондой эле экен. Менден аябай эле кичинекей болуп алат. “Ой менден деле кичинекейлер бар», десем  “сенден кичинекейлер кантип болсун?,  деп тамашалап коюшчу.  Рахман ага : “Борончу Казакстанга фестивалага эмес, өзүнүн бою  Абыттан узун экенин далилдеш үчүн барыптыр “ деп тамашалап жүрбөйбү.  Абыт экөөбүздүн сүрөттү көргөн көпчүлүк “Биздин бала Абыттын  жанында зоңкоёт го”- деп мени менен сыймыктанып калышты. -Орусиянын  долбооруна катышууну көздөп жатасыз. Орусча «единица» кенен элеби? -« Единица кенен эле. Рахман ага «Орусча таза сүйлөбөгөнүң сенин «фишкаң» деп айтып жатат. Абыт деле 5 жылдан бери жүрөт го. 5 жыл жүрсөк биз орустардын түшүн жооруп калбайлыбы. Азыр баарын сүйлөшүп, уюштурдук эми негизги нерсе калды. Жакшы сатира жазуу керек. Аларга да,  бизге да түшүнүктүү тамаша керек. Мисалы,  биздин саясаттагы тамашалар Орусиядагы көрүүчүлөргө өтпөйт. Анан бизге тиешелүү көйгөйлөрдү Кыргызстанда ойносок, көрүүчүлөр күлүп жакшы кабыл алышат. Эгер ошол эле сатираны Орусияда ойносок «Борончу барып алып кыргыздарды шылдыңдап жатат»-деп чыгышат. Ошондуктан изденип жатабыз, «тоюс» Рахман байке изденип жатат. Мен мотиватор болуп, «мындай кылсак кандай болот, ыя?»-деп кулак-мээсин жеп, этегин кармап алып кайда барса жанында жүрөм. -«Борончу ырдаганда эптеп аягына жетип алса экен деп кыйналып кетем»-деп Ильяз Агыбай уулу тамашалап жүрөт. Ага таарынган жоксузбу? -Бардык адамга жагуу кыйын. Мындайча карасак, ал бир адамдын ою. Кээ бир адамдар куудулданганымды жактырбай, ырдаганымды жакшы көрөт. А кээ бирлери «сен такыр эле сахнага чыкпай эле кой. Ырдаганыңа да, күлдүргөнүңө да рахмат»-дейт (күлүп). Ал эми Ильязга таарынган жокмун, тамаша да. -Убагында Чубак Сатаев менен чогуу гастролдоп жүргөнүңүздү билем… -Негизи мектепте жүргөндөн баштап ырдачумун. Кесиптик окуу жайда окуп жүргөндө борборго келип сынакта аккордеон менен ырдап, 1- орунду алып кеткем. Анан аскерден келип Чубак Сатаев менен иштешип, анын жанында шылдырак ойноп ырдачумун. Башында ырчы болуп сахнага аттангам. Анан гастроль учурунда алпаруучу керек болуп, куудулдукка да аралаша баштадым. Ошентип кийинки муун мени ырчы катары билбей калды. -Актёр катары сизди көп көрбөй калдык. -Тартылып эле жатам. Бирок мен комедияга караганда трагедияны жакшы ойномокмун. Себеби мен оор тагдырларды көргөндө көзүмө жаш тегеренип кетет. Кимдир-бирөө жөө жөргөндөн уялса, мен көчөдө кыргыз балдардын тилемчилик кылганынан, дагы башка нерселерди көргөндө уялам. Көзүмдөн жаш чыгып кетет. Жанагы президенттикке талапкерлигимди коюп жатам го. «Бул обу жок кантип президент болсун?»-деп жатышпайбы. «Балким, президент болсом ушуларды оңдойт белем?»- деген ой-тилегим бар. -Президент болсоңуз Өмүрбек «телохранителиңизди» ИИМдин жетекчиси кылат белеңиз? Тамаша. Чындап эле президент болсоңуз азыркы абалда ишти эмнеден баштамаксыз? -Жок, койбойт элем, өз ишин мыкты билгендер иштеши керек. Азыр көп нерсени тез-тез өзгөртүш керек. Кесипкөй адамдарды «кийинки, мурунку адам, тияктык-бияктык» дебей өз ишин мыкты билген адамдарды кызматка коюп , өлкөсүнө чындап кыянатчылык кылган адамдарды жазалаш керек! Бийликке келген адамдын аркасында илешпеген нерсеси болуш керек. Кытайга барганда бизге бирөө «Силерге кытайлык кыргыздар президент болуш керек»-деп айтканы жаккан. Себеби ал биринчиден, кытайдын тартибин көрүп чоңойгон бала. Экинчиден, Кыргызстан дегенде чын ниети менен күйөт. Тууганчылык болбошу үчүн ал дагы жетим болушу керек. -Бир учурда Тынар Курбаналиев менен таарынышып жүрөт элеңиз. Табыштыңарбы? -Табыша электе келишпестиктер кайра башталып кетпедиби. Кече жакында Рахман ага Ошто уулуна концерт уюштурса, Тынар да Ошко ошол күндөрү концерт уюштурду. Ал концертте мен сахнага чыгып Рахман аганын уулу Каныбек менен Ильяз Иманалиевди куттуктап жалгыз келген жокмун, «напарнигим» менен келдим дейм. Анан балдар Тынардын сүрөтүн көтөрүп чыгат. Анан сүрөткө кел эми жаштарга бата берип кой дейм. Сүрөт унчукпайт. Анан мен тиги экөөнү катарлаш тургузуп элге: «Менин 50 жылдык концертимде ушул учөө мага «параллель» койгон» дейм. Анда тиги жаш балдар Тынар менен иштешип жүргөн да. « Жашоо ушундай. Силер мага «параллель» койсоңор эми Тынар силерге «параллель» коюп жатат. Адамга кандай мамиле кылсаңар кайра өзүңөргө кайтып келет» -деп тамаша айтам. Эл «Борончу Тынарды ушактады» деп жатышат. Бул  ушак эмес, кызыктуу сын. Илгери Чубак Сатаев менен гастролдоп барсак, Асанкалый Керимбаевдин афишасы илинип туруптур. Таласта район көп, башка жагына коё  берсек болмок да. Чубак: «Кой уят. Аксакал Таласка келиптир» -деп Асанкалый аганы издеп таап, үйүнө алып барып,  кой союп сыйлады. Анан афиша илбесек  дагы «Кечирип коюңуз, сиз Талас жерине концерт коёруңузду билбей, биз дагы концерт коёлу деп келип алдык эле» -деп биз анан көлгө концерт коюп кеттик. Мына илгеркилердин тарбиясы ушундай болгон. -Куудулдардын эң байы Борончу  деп айтып калышат.  -Кудайга шүгүр. Эл катары үстүбүздө үй, алдыда машинабыз бар. Айылда бир аз мал кармайбыз. Ал дагы аял затынын сарамжалдуулугунан экен. Акча таап келсең ошону кармап калып, бир нерсеге жеткирип дегендей. Мени « мончосу, рестораны бар» дейт. Алардын айтымында , жакында мен 9-кабат чоң үй салганы жатам ( күлүп). Баары башкалардыкы. Тааныштар бир иш баштаса «жармана кылып бериниз»-дешет. Мен жарнама кылып баштасам, эл Борончунуку деп ойлошот экен. Болбосо ошол мончо деле айылдаш байкелердики.  БУЛАК: Супер Инфо гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу