Борончу Кудайбергенов, куудул: «Уруш, мушташ менен эптеп тойду бүтүрдүк…»

Эсимде, бир тойдо чакырылган кишилер толук келбей калышты. Бош калган столго отура турган конокторду аялы чакырган экен. Анын айынан той ээлеринин ортосунда уруш чыкты. Жоголуп кетишкенинен арак-шарап, кийит койгон кампага барсам аялы менен күйөөсү жакалашып урушуп атышыптыр. Конокторду сөзгө чакырган сайын кампага барып экөөнү ээрчитип келем, калчылдашып, өңдөрү бозоруп келип сыр бербей күлүмүш болуп тостту угушат да, кайра ыр болгондо барып алып урушун улантышат. Кийинки сөздөргө бири кампада калып, экинчиси эле чыгып жатты. Ошентип уруш, мушташ менен акыры тойду бүтүрдүк. Той ээлеринин маанайы жоктугу конокторго деле көрүнүп турду. Негизи эле азыр той өткөргөндөр эле эмес, тойго келгендердин деле маанайы жок болот. Чакыруу кагазы келгенде илгери согуштан кара кагаз келгендей эле чочуп калышты.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу