Боорду эзген Чойбеков

«Чемпионго» чоңдугун салганына мактанган Токмок шаардык милийсасынын башчысы Максат Чойбеков чыныгы «чёрныйларга» жолукканда чычып коёр. Бакиевдин тушунда бакиевчилердин эрке баласы болуп тайраңдап жүргөндө Бишкек шаарындагы белгилүү кафелердин биринде ызы-чуу чыгып кетип, тепкиде калганында столдун астына кире качып, чөнтөгүнөн кызматтык күбөлүгүн алып чыга калганын кесиптештери азыркыга чейин айтып боорлору эзилип, шылдың катары айтып жүрүшөт. Анан эле кечээ жакында Токмоктун милийсасына чоң боло калып, «Чемпион» аттыккан кыргызстанчы депутаттын жигиттерине кызматына таянып чоңдугун салганын жарыя кылып, массалык маалымат каражаттарына жар салганы уят эмеспи ыя? Өзү эркек болсо, анан милийса кызматкери болсо. Анан «мен минттим, тигинттим» дегени кандай ыя? Ай ушул «апельсин» полковниктердики өттү да.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу