Боорду тазалоонун 6 жолу!

1. 1 стакан таза сууга лимондун жарымын салып ичиңиз, лимон ширеси боордогу токсиндерди чыгарса, ал эми суу аларды тазалайт.

2. Сарымсак менен пияз жеңиз бул аракетиңз жакындарыңызга жакпашы мүмкүн, бирок бооруңуз ыраазы болот. Сарымсак менен пиязда витаминдер бар, майды эритип организмдеги зыяндуу калдыктарды тазалайт жана бактериялар менен грибокторду өлтүрөт.

3. Расторопша пятнистая деген чөптүн чайын ичиңиз (дагы марьин чертополох деп аталат). Же болбосо ошол чөптөрдү сууга салып ичиңиз. Расторопшада силимарин боордун клеткасын уулу заттардан коргогон антиоксиданттар бар.

4. С витаминдери көп кездешкен жемиштерден көбүрөөк жеңиз – түрдүү-түстүү капуста, болгар калемпири, кулпунай, спаржа, лимон, шпинат, бурчак, апельсин, грейпфрут, помидор, бүлдүркөн, сельдерей, жалбыз, петрушка. Көп жесеңиз жакшы, ал эми чийки бойдон жесеңиз андан дагы пайдалуу болот.

5. Какым жалбырагын терип алып жеңиз (чай, салат, сок, шорпо жана башка). Үйүңүздүн жанынан ала калбай экологиясы таза жерден алыңыз.

6. Индиялыктардын тамак-аштарын даярдаганды үйрөнүңүз, себеби анда жалаң гана дамдуу эмес, пайдалуу дагы болот. Өзгөчө куркуманы колдонууну билиңиз.

Колдоноордон мурда дарыгерден кеңеш алыңыз!

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу