Болот Шер: УКМК мени чакырышын күтүп жатам

“Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шер мародерчулук боюнча ишти бийликтин оппозицияны куугунтуктоо үчүн ойлоп тапканы деп сыпаттады. Ал 2010-жылы талап-тоноочулук болуп жатканда күч түзүмдөрүн жетектеп, карактоого баргандарды атуу боюнча буйрук бергенин жана мародерчулукка каршы күрөштүн башында өзү турганын айтты:

— Мен бүгүн ден соолугума байланыштуу дарыланууга учуп кетишим керек эле. Аэропорттон кармап алып “Шерди качып баратканда кармадык” деп чуу салышарын билип турам. Андыктан күтүп жатам, качкан жерим жок, УКМК кызматкерлери мени чакыра берсе болот.

УКМК 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш ишти 16-марттан тарта өзү иликтей баштаганын кечээ маалымдаган. Анын алкагында 28-мартта “Ата Мекен” партиясынын Жогорку Кеңештеги мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов камакка алынганы белгилүү болгон.

Мародерчулук боюнча ишти буга чейин Ички иштер министрлиги иликтеген.

2013-жылы парламенттик комиссия талоончулукка “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр түрдө, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз тиешеси аныкталганын маалымдаган. (SDz)

Булак: azattyk.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу