Болот Сүйүмбаевдин диплому жасалмабы?

Учурда Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп турган Болот Сүйүмбаевдин жогорку билимдүү экенин тастыктаган диплому жасалма экендиги тууралуу бизге ишенимдүү булактардан маалымат келип түштү. Атамбаевдин жансакчысы болуп жүрүп эле УКМК төрагасынын орун басарлыгын аркалап, андан кийин мурдагы өкмөт башчы С. Исаковдун буйругу менен Финполго жетекчи болуп калган Б. Сүйүмбаев жогорку билим алгандыгы тууралуу дипломду сатып алган деп айтылат ал маалыматта.Эгерде бул маалымат аныкталып кала турган болсо, анда Б. Сүйүмбаев буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп, алган айлык маяналарын баарын кайра мамлекетке төгүшү керек болот. Андан сырткары АШАнын колунан алган чиндерди да кайтарышы керек. Себеби, жасалма диплом менен мамлекеттик кызматтарда иштөө гана эмес, аны алуунун өзү мыйзам бузуу болуп саналат.Эми бул маалыматтын чын-бышыгын аныктап, коомчулукка жеткирип коюуга биринчи кезекте Б. Сүйүмбаев өзү кызыкдар болушу керек. Эгерде ал өзүнүн алган диплому жасалма эмес экенине ишенсе, анда группалаштары кимдер экенин, кайсыл сабактан кайсыл окутуучулар, профессорлор сабак өткөнүн, анын группасынын куратору ким болгонун ийне-жибине чейин айтып бериши зарыл. Эгерде мунун баарын айта албаса, анда анын диплому жасалма экени анык болот эмеспи… 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу