Болот Отунбаев кызматын таштап кетүүгө даяр

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги учурда элчи Москвада өзүнүн элчилик ишмердүүлүгүн улантып жаткандыгын билдирди

Кыргызстандын Орусиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаевдин кызматын таштап кетүүсү тууралуу жаңылык ал үчүн күтүүсүз болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына элчиликтин маалымат катчысы Гүбарчын Байымбетова билдирди.

— Бул жаңылык ал үчүн күтүүсүз болду, — деди ал. — Бир гана жери ЖМКда президенттин сөзүн туура эмес берип коюшту, консулдукта жаңы элчи болот деп беришти алар. Алар Сооронбай Жээнбеков Болот Исаковичти мигранттар менен алгылыктуу иштебегендиги үчүн кызматтан алат деп беришти. Чындыгында андай эмес. Президент өз сөзүндө андай деп айткан жок. Учурда Болот Отунбаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызматын аткарып жатат. Ал ээлеген кызматынан бошотула элек.

Белгилей кетели, 2016-жылы жалган курандын алтысында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

Булак: Vesti.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу