Болот Жунусов өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болду

Болот Жунусов өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка жекшемби күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Жунусов 2012-2016-жылдары Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп иштеген.

20-сентябрда өкмөттүк аппараттын жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков парламенттин макулдугунан кийин дайындалган.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу