Болоттун мизи курчудубу?

Кызматтан кетирилген мурдагы элчи Кадыр Токтогуловдун беймаза кылган кылыктары далай ирет жазылып, коомчулукка тараган. Акыры ага да кезмет жетип элчиликтин тизгини колунан шыпырылды. Кыйытып айтылып жүргөн кептердин аягына балчайган чекит коюлуп Америкага Болот Отунбаев элчи болуп барары ачыкталды.

Арийне, канткен менен ал кыйла такшалды, алысты болбосо да элчиликтин сырларына бираз көзү каныкты. Анын үстүнө Бокеңдин ийкемдүү мүнөзү анчалык жетекчилерди кооптондурбасы деле белгилүү. Мейли, иштеп көрсүн, эгерде оң тарабы басымдуу болсо мактайбыз, тескериленип кетсе сындайбыз, туурабы? Ошентсе да ага ийгилик каалап коелу, алган багытың ооматтуу болсун деп…

Булак: Ачык сөз

Аргумент.kg
Жооп калтыруу