БОЛГОН ОКУЯ: «Өчөшкөн күйөөм өзбек келинге үйлөнүп алды»

Бул каарманыбыз чектен чыккан кызганычтын кесепетинен күйөөсү менен ажырашкан экен. Кыскасы, турмушу бузулганына катуу кейиген Нуржамалдын тагдырына байланышкан бул баянды жарыялап коюуну туура көрдүк.

-Мен күйөөм менен ажырашканыма жети жылга жакын убакыт болуп калды. Ал өзү журналист болгондуктан көбүнчө Ошко командировкага кетчү эле. Балээнин баары менин өтө кызганчаактыгымдан анан руханий байлыктан материалдык байлыкты жогору койгонумдан улам чыкты. Себеби мен базарда соода кылып күйөөмө караганда  акчаны көбүрөөк тапчумун. Ошон үчүн үйдөгү маселелерди көп учурда мен чеччү элем. Эгер ал кечки саат 6 дан кечиксе эле кадимкидей уруш чыгарчумун. Саат 5тен тарта эле тынчын алып үйгө эртерээк келүүсүн талап кылчумун. Ал байкуш аргасы жок менин айтканыма көнө баштаган. Бир күнү базарда соодам анча жакшы болбой капа болуп үйгө келсем  “Чыңгызхан” көркөм тасмасынын кайсы бир сериясын көрүп отурган экен. Буга чейин да мына ушул сериясын көп көрөөрүн байкап жүрчү элем. Анткени күйөөм Чыңгызхандын төртүнчү аялы Куландын сулуу экенин көп айтып калчу эле. Ошону эстеп кетип:

-Кулан менден да сулуу бекен, ыя?!  Мага жакшы көңүл бурбай эле Куланды эле эңсеп калдың,- деп ачуум менен дискти сындырып таштадым. Менин мындай жосунсуз жоругума таң калган күйөөм:

-Тобоо. Бул деген кино да. Сен даана  келесоо турбайсыңбы,- деп мыскылдап күлдү. Ошондо тилиме ээ боло албай аны болушунча каргап-шилеп, ал тургай төркүндөрүнө да бир сыйра асылып жибердим. Башкасынан дагы ата-энесине сөз тийгизгендигиме чыдай албаган күйөөм кыжыры кайнап:

-Энеңди! Урдум сендей катынды!- деп сыртка чыгып кеткен бойдон үйгө үч күн келбей койду. Бул убакыттын аралыгында аны ар кимден кызганып аз жерден жинди болуп кете жаздадым. Телефон чалсам маалкатып жатып араң алды:

-Мен сенден тажагам. Жада калса кафеге барганда да жаныңдан чыгарбай отурасың. Өзүңдүн бир тууган  сиңдиңден кызганганда эле мен сенден түңүлгөм. Мындан кийин сени менен жашоо мен үчүн кыйын болуп калды. Акчаң көп үчүн мени анча теңсинбей оюңа келгенди жасап атасың. Мен сага тең эмес экенмин. Андыктан карапайым эле кызга үйлөнөм,- деди ачыгын айтып. Анын менден жаш аял менен жашап атканын элестетип жибергендиктен кызганычым ашып-ташып албууттанып:

-Сендей алган айлыгы өзүнө араңдан зорго жеткен эркекке эч ким тийбейт. Жаш аялдан айлан… Кыргызстанды чарк айланып чыксаң дагы мендей сулуу катын таба албаганыңа өкүнөсүң,- дедим эмнегедир мен дагы өзүмдүн курсумду көтөрүп.   Күйөөм менин бул сөздөрүмө анча маани бербей:

-Кыргызстандан сендей  катын издебей эле койдум. Андан көрө ноокаттык өзбек кыз-келиндерден бирөөсүнө эле үйлөнүп алганым оң. Эки экинчи чалба!- деп туруп телефонун өчүрүп таштады.

Андан кийин күйөөмдөн эч кабар ала албай койдум. Телефонунун номерин дагы алмаштырып салыптыр. Кайнилериме байланышсам алар да мени менен түзүгүрөөк сүйлөшпөй коюшту. Ошондо гана күйөөмдөн үмүтүм үзүлө баштады. Бир күнү базарда отурсам жанымдагы аялдар бири-бири шыбырашып калышты. Көрсө, ошол учурда бир келин менен колтукташып менин контейнеримдин жанынан күйөөм өтүп кеткен экен. А мен аларды байкабай калыптырмын. Базардагы тааныштарымдын айтуусуна караганда күйөөмдүн жанындагы келиндин улуту башка экен. Ал чын эле өзү айткандай өзбек келинге үйлөнүп алса керек деп ичимден ойлонуп калдым. Кечинде үйгө келгенде көзүмдүн жашын көлдөтүп  сулк жыгылдым. Менин абалымды тааныштарымдан уккан сиңдим үйүмө келип бир сыйра сооротумуш этти.  Замир мага өчөшүп  атайын Ноокатка барып үйлөнгөнүн күйөө балама айткан экен. Иштин чоо-жайын күйөөсүнөн толук уккан сиңдим баардыгын мага шашпай айтып берди. Көрсө, күйөөм мени менен жашабай калгандан кийин  ноокаттык бир элдик дарыгер менен жакындан таанышып калып ал жөнүндө китеп жазыптыр. Ал дарыгер өзүнүн айылында кадыр-барктуу болгондуктан күйөөсү менен ажырашкан бир жаш келиндин атасы менен ачык эле сүйлөшүптүр. Атасы дароо эле макул болуптур. Ал эми апасы болсо кызымды алыска күйөөмө бербейм деп жатып эптеп макул болуптур.

Ошол айылда күйөөсүнөн ажырашып келген өзбек келиндерди өзү теңдүү эркектер албайт экен. Аялы каза болуп калган, жашы бир топко  барып калган эркектер үйлөнөт экен. Андан тышкары  эрден чыккан кыздарына түндүктүк кыргыздар үйлөнсө көп деле калың сурап кыйнашпайт экен. Мына ушулардын негизинде, анан өзүнүн талантынын натыйжасында күйөөм акыры менден жаш, сулуу өзбек келинге үйлөнүп алды. А мен болсо азыр да депрессиядан чыга албай жүрөм. Чындыгында мен  аябай жаңылыптырмын. Жумушунан аз айлык алса да эркектин таап келгени берекелүү болооруна эми көзүм жетип атат. Ажырашкандан бери элден ар кандай сөздөрдү угуп жатам.

“Үңкүр да болсо үйүм бар. Аюу да болсо эрим бар”- деген бекеринен айтылбаптыр. Учурда менде баары жетиштүү. Бирок күйөөнүн  гана мээрими жетишпей жатат. Башка тийип алсамбы деп ойлонгонум менен балдарым өткөөл куракка келип калгандыктан ал оюмдан тез айнычу болдум. Өгөй ата менен балдардын тил табышып кетүүсү да оңой эмес да. Ал эми күйөөм болсо катары менен үч уулдуу болгонун уктум. Кыскасы, мен өз тагдырымды өзүм талкаладым. Өзүм…

Нурпери  ИСАБЕКОВА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу