БОЛГОН ОКУЯ: Укмуш күчгө ээ болгон Шадыкан олуя…

Бир курдай төрт-беш жигит Андижанга мал айдамай болуп даярданып калышат. Бирок алардын минген аттары анчалык алыс жолго басып бара албасына көзү жеткен Шадыкан мырза азыркы жылан арык айылы турган жерде калың токой болгон экен. Ошол токойдон төрт-беш тал чыбык кыйып келгиле деп баягы балдарды жиберет. Бешөө барып тандап туруп тал чыбык кыйып келишкенде Шадыкан балдарды кетирип жиберет да, анан өзү жалгыз калып эч кимге көрүнбөй ээн жерге келип баягы дубасын окуп баштайт. Албетте дубанын дагы өзүнүн жүгү бар. Ошол жүктү көтөрө алган үчүн бул касиет Шадыканга оогон. Чындап карасак мындай адам ишенбей турган дубанын күчү кандай касиетти ичине камтып турат. Ооба, ар нерсеге карата окуган дубанын да түрү болот.

Шадыкан эч ким көрбөгөн жерге келип кеминде чай кайнам убакыт дуба окуп олтуруп баягы беш чыбыкты кулпунган беш атка айлантат да, анан тиги беш балага эскертип айтат:

— Булар Андижанга жеткен кезде кайра чыбык болуп калат, андан силер коркпогула. Бирок ага чейин эч кыйналбай силерди жеткиргенге жарайт. Бирок бул сырды эч кимге айтпагыла деп катуу эскертет.

Эртеси эртең менен бешөө келишкен аттарга минип, мал айдап Андижанды көздөй сапарларын улашат. Айткандай эле жолдон аттар эч кыйналбайт. Кеминде он чакты күн дегенде Андижанга жетип, шаарга аз калышканда улам бир баланын минген аты чыбыкка айланып жатып бешөө тең чыбык болуп калганда беш бала ооздорун ачып таң калып калышкан экен.

Ооба, адам баласы өз көзү менен көрмөйүн ишенбеген жайы бар. Беш жигит эстерин жыйып айдап барган малдарын базарга киргизип сатышат да, анан кайтканда ал жактан беш ат сатып алышып минип жол азабын тартып кайра келишкенде, болуп өткөн окуя ооздорунан чыгып кетип, элге тарап кеткен экен. Болбосо Шадыбай олуя жакшы эле эскертиптир “эч ким билбесин” деп. Ошол окуядан кийин мындай ишти эч кимге билгизбей жасаш керек экенин ойлоп калган экен. Анын себеби, ар кандай адамдар болот эмеспи. Ким айтса аныкы эп болуп, туура эмес маалыматтар элге жетип, көбүртүлүп айтылган сөздөр Шадыбайдын өзүнө угулуп абдан капа болуп ойго чөмүлүп олтурса жанына бала кезден чогуу өскөн курдашы молдо Ипас келип:

— Ээ, Шадыке сага эмне болду, капа болгон түрүң бар?-десе, Шадыбай үнсүз бир азга олтуруп: — Эй, Ипас, мен кантип капа болбойм. Элдин оозун ким тыят. Азыр менин артымдан кулак-угуп көз көрбөгөн окуялар ар тараптуу айтылып жатса. Менин коркконум эмне билесиңби? Тиги жогору жактагылар келип мени кыйнап чоң нерсени жасап бер деп суранса анда мен кандай айла кыла алам. Минтип ар кимдин көңүлүн кыя албай жүрүп деги мен касиетимдин күчүн кетирип албасам болду. Тээ илгери айтылуу Тайлак баатырдын көзү тирүү кезинде Кокондуктар бул аймакка даап келе алышчу эмес эле, эми минтип Кокондон келген аскерлер “өкүмдардын буйругу” деп жылда салык жыйнап кетип жатышат. Болуш-бийлер “салыктан куткар” деп кыйнаса алда-кандай күн болот? Маселе мына ушул жакта. Жакында беш жигитке боорум ооруп чыбыктан ат жасап берип койсом, алар тилдерине алы келбей элге айтып салганы мени ойго салып капа кылды. Эр жигит деген сөзгө турушу керек болучу. Керек болсо азыр бир гана аялдар эле эмес эркектердин дагы оозу бошоп, бакан ооз болуп калганбы деп ойлоп калдым. Ипас молдо сөздү угуп болуп, адатынча бир жерди теше тиктеп оюн топтоп алган соң:

— Шадыке, эмне болгон күндө дагы сен өнөрүңдү элден жашыра албайсың. Колуңдан келсе элге минтип айт “тиги иш колумдан келбейт, мен колумдан келген ишти гана жасай алам” деп өз укугуңду корго. Антпесең өзүң айткандай арыз-муңун айтып ар кандай адамдар келе бериши турулуу иш. Айткандай сенин өнөрүң дагы алыс-жакынга угулуп, ысмың элге таанымал да болуп калды. Бул жагын тана албайбыз. “Баатыр элден чыгат, байлык жерден чыгат” дегендей, сен өнөрүң менен байсың. Мен дагы сен тарапта болом дегенде Шадыбай бул айткан сөздү туура көрүп, жылмайып күлгөн болду.

Бердония

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу