БОЛГОН ОКУЯ: Аялдардын тозогун көрүп келген кемпир…

Бул окуя мындан он-он беш жыл илгери Ат-башы районуна караштуу бир айылда болгону айтылат.

Жашы жетимиштин жетисине келип калган Сайра эне эч оорубай туруп эле уктап жаткан калыбында бул жашоо менен кош айтышып кете берет. Албетте кары кишинин балдар-кыздары көп болгон үчүн сөөк кою зыйнатына көп киши келип үчүнчү күнү жайы даяр болуп, сөөктү алып чыгарганы акыркы жолу жууганы даярданып жатышканда “өлдү” деген кемпирдин денеси кыймылдап, боз үйдөгү аялдар сыртка атып чыгышат. Молдо ичкери киргенде кемпир:

-Менин кийиминди алып келгилечи?-дейт. Ушул сөздөрдү сүйлөгөндө тили чулдур болуп калганын өзү сезет. Кийимин алып келип, эл менен учурашат. Бирок эмнегедир тили так Сайра эненин тили чулдур болуп калганын балдары-кыздары, болгон тааныштары дароо байкашат. Мындайда кат-кат суроо берилип, кызыккандар көп болушат эмеспи. Бирок Сайра эне бир калыптан жазбай:

-Мени адашып алып кетишиптир, эч нерсе деле көргөнүм жок — деп ашыкча сөз сүйлөбөйт.

Арадан он чакты күн өткөндө жетимишке барып калган инисине гана сыр ачкан экен, ал жактан көрүп келгендери жөнүндө:

-Мен тиги дүйнөнү көрүп келдим. Мага аялдардын гана тозогун көргөздү. Бара жатам. Эки жагымдан эки караан жетелеп алган. Бир кезде бир аялды көрдүм, төөнүн үстүнөн ылдый болуп алып жерден буудай терип жатканын. Мен сурадым:

-Бул эмнеге минтип жатат?-десем оң жагымдагы караан айтты:

-Бадырак кууруп жатып жерге төгүлүп калган буудайларды терип койбогондогу жазасы. Буудай деген нан. Аны кордогону үчүн ушул кордукту көрүп жатат –деди. Андан ары барсак бир аялды сууга салып алып кыйнап жатыптыр:-Бул эмне күнөөсү үчүн?-десем алиги караан:

-Сууну ысырап колдонгону үчүн, кор туткан суунун сурагынан кутула албай жатканы. Аялдар сууну көп коромжуга учуратасыңар. Андан ары бара жатышса бир аялдын чырылатып тилин кыпкызыл болгон узун темирге ороп кыйнап жатыптыр. Бул эмне күнөөсү үчүн?-десем:

-Күйөөсүнө акаарат айтып, каргап шилегени үчүн тарткан азабы-деди. Аны көргөндө мен ушунчалык катуу коркуп калган үчүн тилим келекел болуп калбадыбы. Анан  мен андан ары эч нерсени көргүм келбей, көзүмдү жумуп алдым.  Бир кезде жапжашыл болгон талаага чыктык. Карагандан көз тойбойт,ушунчалык кооз жер экен. Аңгыча эле бир аксакал карыя келип:

-Кайра алып баргыла, бул пенденин ичрээр суусу али түгөнө элек -деп, мени акырын түртүп койду. Анан эле менин кулагыма ар кандай сөздөр угулуп, өзүм ак кепинге оролуп жатыптырмын. Анан дароо эле өлүп тирилгенимди билдим-деп көрүп келгендерин айткан экен.

Айтайын дегенибиз, аялзаты эле эмес эркектер дагы сууну жана адам баласынын жашоосуна керектүү нерселердин баарын сарамжал колдонушу керек экенин Сайра кемпир айткан экен.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу