БОЛГОН ОКУЯ: Акжолтой келин же…

Мен бул макалга чынында мурун анча маани да берчү эмесмин. Өзүмдүн эле бир туугандарымдын арасында далай нерселер башымдан өттү. Силердин «Шамбала» газетаңарды дайыма үзбөй окуйм. Мен өзүмдү тааныштыра кетейин. Атым Гүлмира, Бишкектин өзүндө Ак-Ордо жаңы конушунда турам. Жашым отуз бешке чукулдап калды. 11 бир тууганым бар, ошолордун ортончусумун. Мен ушул жашка чейин үй-бүлө күтүп, балалуу болуп, очор-бачар болууга кудуретим жетмек, бирок ушул бир туугандарымдын айынан турмушка чыга алган жокмун.

Арийне, менин сөзүм силерге табышмак болуп жатат окшойт, менин турмушка чыгышыма бир туугандар каршы деле эмес, бирок… Ошолор үчүн уялып, ошолор үчүн намыстанчумун, кээде ыза болуп ыйлагым да келчү. Айлана-чөйрөмө көз жүгүртүп бактылуу, ынтымактуу жашап жаткан башка үй-бүлөлөрдү, бир туугандарды көрүп аябай суктанчумун. Себеби, башка үй-бүлөдөй биригүү, ынтьмакташуу, урмат-сый көрсөтүшүү деген бизде жок болчу. Бири-бирибизди көрсөк эле ортодо чоң шайтандар ойноп кетет да, ит-мышыктай ыркырашып калабыз. Баарынын башын бириктирүүгө канча аракет жасадым, таптакыр болбоду. Кээде жумушумдан эки-үч айлыгымды чогултуп, бир туугандарымдын башын бириктирейин деп болгон акчама түрдүү тамак-аш алып үйүмө чакырган күндөр болду. Баарысы чогулуп үйгө келишет да, анан бир аз отургандан кийин эле бири-бирине кучунашы кармап, ортодо какшык күч алып, урушуп-талашып, айтышып кайрадан чоң шайтандар ортодо ойноп кетет.

Кээде бир туугандарым өз ара мушташа кеткен да күндөр болду. Анан үйдүн ичин үч көтөрүп бири-бирине далысын салып кетишет. «Ой тобо, ушундай да бир туугандар болобу?» деп ичимден аябай ызаланам. «Ушундайыңарды койгулачы, качан ынтымакка келесиңер?» деп ар биринин бутуна жыгылган да күндөрүм болду. Буркурап ыза болуп ыйлаган күндөрүм да болду. Бирок бири да менин кылган аракетимди баалабай, сөзүмдү кулактарынын сыртынан кетиришти.

Бир жолу ушундай ызы-чуудан кийин аябай ыза болуп ыйлап, Бишкектеги сейил бактын ичинде өзүмчө ойлонуп жалгыз отургам. Айланага күүгүм кирип келаткан болчу. Үйгө баргым келбей көңүлүм суз. Анткени жакында күйөөгө чыгайын деп даярданып жаткам. Бир туугандарымдын бул түрүнөн болочок күйөөмден уялам. Ошентип отурсам жанымдан өтүп бараткан ак сакалдуу, ак чепкен кийген чал мага жүзүн бура токтоло калды да, жаныма басып келди. Мен эч ким менен сүйлөшкүм келбей, жактырбай тургам. Ага делс көңүл бургум келген жок.

— Мен сени түшүнүп турам, кызым, көп кейибе, турмушта баары болот, чыда барына сабырдуу бол, — ал жаныма отура кетти. Мен эч нерсе түшүнбөй бул абышка эмне деп дөөрүп атат деп ого бетер ага ачуум келди.

— «Ырыс алды ынтымак» деген макалды уксаң керек ийе? — ал мага суроолуу карап, анан сөзүн уланта берди.

— Сен жакында турмушка чыгайын деп атыпсың, албетте турмушка чыгып үй-бүлө күтүү жакшы нерсе, бирок турмушка чыкпай коё тур, Эң кичүү иниң бар экен, ал дагы ушул бир туугандарыңдын кедергисинен үйлөнө албай жүрүптүр. Адегенде ошону үйлөнт, бир туугандарыңдын сөзүн укпа. Ушунчалык сулуу, жүзүнөн нуру тамып турган акжолтой келин келет. Ошондон кийин бир туугандарыңдын арасында ынтымак, ырашкерлик акырындап боло баштайт. Баары ошол эң кичүү келинден жазганышын өз ара ынтымакка келе башташат, ичкендери да токтолот. Андан соң башка бир туугандарың да биринин артынан бири үйлөнө башташат. Эң башкысы, чыдамкайлык, сабырдуулук, анан туруктуулук керек, -алиги чал башка эч сөз айтпастан ордунан туруп кетип калды.

«Кызык, менин үй-бүлөмдүн турмушун бул кайдан билет?» деп ага ишенээримди, же ишенбесимди билбей таң кала туруп калдым. Анан эсиме келе айланамды карасам, эбакта караңгы кирип, электр энергиясынын нуру чачырап калыптыр.

Ошондон бир жума өтпөй эле эң кичүү иним «Эжеке, мен үйлөнөйүн деп атам, агаларым уруксат бербейт го, алардын бир тобу бойдок, эмне кыларымды да билбей жатам» десе болобу. Алиги ак сакалдуу карыянын сөзү ошондо дароо эсиме түштү да, мен макулдугумду билдирдим. Менин сунушума бир туугандарымдын каршы чыгаарын билип, «Келинди чоң үйгө, апам менен атам жашап өткөн үйгө алып келе бер» деп эң улуу жеңем экөөбүз катуу даярдык көрө баштадык. Ак жуумал, жүзүнөн нуру жанып турган бул келинди көргөндө эмнегедир жүрөгүм жылый түштү. Дароо эле молдо чакырып нике кыйдыртып таштадык. Ачуулары менен келген бир туугандарымдын бардыгы жаңы келинден тартына бири дагы сөз сүйлөй алган жок. Тескерисинче бардыгы кантип калың берүүлөрү тууралуу сүйлөшүп, акылдаша башташты. Мен ийри отуруп, түз кеңешип аткан бир туугандарымды ошондо биринчи жолу көрүп атышым. Эң кичүү инибизди бардыгыбыз жакшы көрчүбүз.

Той ийгиликтүү болуп, бир туугандарым келиндин алдына кудалыкка барып келгенден кийин бардыгы башкача болуп өзгөрө башташты. Биринин артынан бири ар кандай нерселер менен иниме жардам берүүгө өтүштү. Ошолордун аркасы менен иним тың жашап кетти. Иним Мекеге ажылыкка барып келди. Мен туулуп өскөн айылга имам болуп дайындалды. Азыр бир туугандарымдын бардыгы ошого моюн сунушат, айтканын аткарышат. Ортодогу кара шайтандар өзүнөн өзү жоголуп ынтымакка келе башташты. Кыскасы ошондой, ошол келин бизге акжолтой келин болуп өзү менен кошо ырыскы, ынтымак, жакшылыктарды кошо ала келди.

Гүлмира Аманкулова

Булак: “Шамбала”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу