БОЛГОН ОКУЯ: Ажалды көргөн адам…

Бул окуя Талас аймагындагы бир айылда болгон. Бирок биз шартка байланыштуу каармандардын ысымдарын өзгөртүп берүүнү туура таптык.

Акман карыянын жашы сексендин бешинде. Анткен менен акыркы кездерде кыймыл аракети оордоп, баштагыдай сергек болбой калды.

Учурунда жакшы кызматтарда иштеп, элге алынган, кадырлуу адам болгон. Карылык айылына баш бакканы элден четтеп, өзү менен өзү болуп эч ким менен иши жок.

Бир күнү ооруп төшөк тартып жатып калды. Кемпири Айша апа дайыма жанында. Шалдырап тамакка табити тартпай суу ичип калган кезде шаардагы балдарын чакыртты. Ооба, бардык балдарынан улуу баласы Муктар менен кеңешип, ага сырын айтат.

Шаардан келген уулун күтүп жаткан белем эмнегедир ал келгенде өзүн таштап салды. Уулу башынан жөлөп:

-Ата, сизге эмне болду? Балким врач чакыртайынбы?- дегенде Акман карыя башын чайкап:

-Ээ, балам, мага врачтын жасаган аракети жардам бере албай калды. Тилди алсак дары менен денени уулантпай тиги жайга таза кетейин. Аны коюп даярдана бергиле. Мен ажалды көрүп турам. Бүгүн кечке жетпей Азиза кемпирдин жанын алат, түн ортосунда Кумаш кары кетет. Мен балким эртең жалган шашкеде кетип каламбы-деп калдым-деп айтканда Муктар ишене бербей:

-Ата, кайдагыны айтасыз да. Сиз дагы көп жыл жашайсыз!-деп айтканда карыя акырын гана:

-Апаңар укпасын. Менин кара ашыма карагер бээни анан өзүм минип жүргөн ак боз атты сойгула. Баса, Таластагы Бексултан досума кабар айттыр. Ал сөзсүз келгендей болсун. Кудаларымды жакшылап сыйла, — деп айтты да анан чарчап калган карыя көзүн алсыз ирмеп башын тетири бурду.

Муктар атасынын айткандарына анча деле маани берген жок “ооруган неме жөөлүп жатат болуш керек”, деп.

Кечке маал “Азиза каза болуптур” деген кабар келди. Муктар бул кабарга деле маани берген жок. Карыя кеч кирген кезде кемпиринин колунан кармап:

-Айша, сен эми менден кеткен кемчиликтерди кечирип кой. Турмушта өйдө-ылдый иш болду. Сага тилим тийди, колум тийди. Менин жашоом аз калды көрүнөт. Бир аз убакыттан кийин Бексултан кетет. Ага барып учурашып кой-деди эле Айша жаман ойду ойлобой:

-Абышка, жөн турчу, кайдагыны айтпай, — деп айтып анан:

-Ушул эркектер эмне мынча жалакай болосуңар. Кичине эле ооруп калсаңар тиги дүйнөгө даярданып калат экенсиңер?- деп айтылган сөзгө анча деле маани берген жок. Кечки тамак желип, жаңы гана жатууга кам көрүп жатышканда “Бексултан каза болду” деген кабар келди. Бул сөздү укканда Айша абдан капа болду. “Кап, абышка айтканда барып учурашып койсом болмок экен”- деп. Ал эми Муктардын эми чындап шаштысы кетип, кошуна жашаган атасынын иниси Болотбек карыяга келип айтты:

-Мага атам айткан эле. Алгач ажал Азизанын жанына алат, караңгы киргенден кийин Бексултанды алып, эртең жалган шашкеде менин жанымды алат деп айткан. Айткандары чын болуп жатат — дегенде Болотбек карыя байкеси Акманга келип оң колунан кармап:

-Байке, эмне кыйналып жатасызбы, доктур чакырталыбы?- деди эле Акман карыя бир топко жөтөлүп:

-Мен Муктарга айтпадым беле, даярдангыла-деп. Доктурдан эч жардам болбойт, -деп үнүн алсыз чыгарып чалкасынан жаткан калыбында шыпты карады.

Айтылгандай эле эртеси күнү жалган шашкеде Акман карыя бул жашоо менен кош айтышып кете берди. Ал кишиге ажал көрүнгөнбү же сезими менен билдиби ал белгисиз болуп калды. Балким касиети күчтүү кишилерге билинет чыгар. Мындай окуялар жашоодо көп кездешет, бирок динге ашыкча берилгендер анан орусташып кеткен адамдар ишене беришпейт. Ким кандай кабыл алат ал өз эрки, биз турмушта болгон окуяны сиздерге баян кылдык.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу