Бойдок болсоңуз…

Бойдок болсоңуз, кызды өзүңүзгө каратуу үчүн төмөндөгү кеңешке көңүл буруңуз. Үй-бүлөлүк жашоодо аны эсиңизден чыгарбаңыз.

1. Эч качан сырыңызды жайып салбаңыз.

2. Көп угуп, аз сүйлөңуз. Өзүңүздү мактабаңыз.

3. Аялга кандай жардам бере аласыз? Жоопту так айтып, унутулгус кылып аткарууга тырышыңыз.

4.Таарынышып калсаңыз: “Мен сага ушундай жакшылык жасадым эле”, -деп милдеттендирбеңиз, аял менен эсептешпеңиз.

5. Аялды таң калтырууга тырышыңыз. Анын кандай гүлдү, кандай таттууну, кандай модалуу буюмдарды, жыпар жытты жакшы көрөрүн билип алыңыз.

6. Аял заты сараңдыкты жактырбастыгы эсиңизде болсун. Туулган күнү менен, майрамы менен куттуктоого өзгөчө көңүл бөлүңүз.

7. Аялга: “Кандай сулуусуң, сен менен бирге болуу кандай жакшы”, -деген сөздөрдү көп айтып, эркелетүүнү унутпаңыз. Ооруп жүдөп жүрсө да “Кебетең кандай жаман болуп кеткен”, деген сөздөрдү айтпаңыз, чачына, кийимине, боёгуна маани бербеңиз.

8. Эч качан алдап, калп сүйлөбөңүз. Эгерде сиз сүйүктүңүздүн жанында өз максатыңыз үчүн ийгиликке кандай жеткениңиз, кызматыңыз тууралуу жалган маалымат айтсаңыз, чоң катачылык жасаганыңыз. Кыздын сизге деген ишеними заматта жоголушу мүмкүн.

9. Жактырган кызыңызга болгон сырыңызды дароо айтып салуудан алыс болуңуз. Мисалы, канча айлык акы аларыңызды айтпаңыз. Мындан келечектеги жубайыңыздын сиздин материялдык абалыңыз үчүн эмес, чындап сүйөөрүн сынап көрүүгө болот.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу