Блогер Темирлан Ормуков “эртең камалам, “передача” киргизип тургула” деп, кыргыз элинен суранды

“Бүгүн эртең менен суракка чакырылдым. Свердлов РИИБнин майору Эдил Момуналиевдин айтымында чакырууга шаардык соттун чечими себеп болгон. Анын берген маалыматына караганда мени убактылуу кармоочу жерге камап, эки күндөн кийин сотко алып барып, соттун чечими менен СИЗОго өткөрүп бере тургандыгын билдирди.

Расмий өтүнүч жана милдеттемени жазуу түрүндө бердим. Камоого болгон шылтоолору менин сотко келбей койгонум имиш. Кайдагы со-ооот?! Повестка келбесе же айтышпаса кайда бармак элем? Ким билет эми кимиси кандай былгытып жатканын… Кеткен келин кегин алгысы келип жатабы? Же Кыргыз көчүнүн башына жаны келген жеңемден кетип жатабы? А балким тиги 40 кадамчы жаш келинчек өчөшүп калганбы? Айтор билбейм катуу өчөшүштү… 50 миң сом моюнга илишкен, квартирамды арестке коюшкан, үстүмөн кылмыш ишин козгошкон деги буларга дагы эмне керек? Ууру кылбасам, киши өлтүрбөсөм, жер сатпасам, элдин башына самолет кулатпасам даже мөңгүгө тийбесем анан неге булар мынча катуу кетип жатышат ыя? Кыскасы эл-журт акыры булар камайт көрүнөт, “передача” киргизип тургула эми, андан башка сөз жок! Айтмакчы өткөн жумада депутат Дастан Бекешев Баш прокуратурага мени камакка алууну талап кылып арыз менен кайрылыптыр, бул оңбогон казак жаман кутурду! –деген билдирди акын, блогер Темирлан Ормуков.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындагандардын бири Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү, акын, блогер Темирлан Ормуковго кылмыш иши козголгон. Ал эми депутат Дастан Бекешов менен соттошуп жүргөндүгү жалпыга маалым.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу