Бишкек шаары өнүгүүнүн жолуна түштү

Борбор калаабыз акырындык менен болсо да өнүгүп, чыныгы мамлекеттин баш
калаасына айланат экен. Бул багытта Бишкек мэриясы калааны 2017-2020-жылдарга
чейин өнүктүрүү боюнча долбоорду коомдук талкууга алып чыкты. Анда алдыдагы
жылдар ичинде шаарды жакшыртуу боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу
органдарынын аракеттери так белгиленген. Долбоордун программасы эки бөлүктөн
турат. Биринчи бөлүккө долбоорду ишке ашырууга каражат табылгандар киргизилсе,
экинчи бөлүккө каражат табыла электер кирген.

Долбоордун биринчи бөлүгүнө киргендер:

— Муниципалдык 47 автотоктотуучу жайга акы алына турчу системаны киргизүү;
-10 бала бакча куруу;
— Электр энергиясын бир жылда жарым миллион киловатт саатка чейин үнөмдөө;
— Түштүк-батыш көрүстөнүн жабуу, жана маркумдарды көмө турчу башка жайларды
кароо;
— Төрт паркты оңдоо;
— Бак-дарак отургузулган аймакты чоңойтуу;
— 90 чакырымдан ашык жолду оңдоо;
— 10 миң жаранды газга туташтыруу;
— Автобустардын санын көбөйтүү;
Экинчи бөлүк:
Азырынча күндүн энергиясын топтоочу гелиоколлектер долбооруна акча табыла элек.
Андан сырткары, троллейбустун линиясын чоңойтуу, 600 лифтти оңдоо, бир катар
театрлар үчүн костюмдарды тигүү долбоор боюнча турат.

Булак: “Майдан. kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу