Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бүгүн кызматынан алынышы мүмкүн.

Бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, шаар башчысы Албек Ибраимов боюнча маселе карайт. Бул тууралуу өздүк булактарыбыз кабарлады. 

Кечээ, шаардык кеңештин «Республика Ата-Журт» фракциясы шаар башчыга ишенбөөчүлүк жарыялаган. Бүгүн, шаардык кеңештин депутаттары толугу менен ишенбөөчүлүк көрсөтүп, мэр Албек Ибраимовду кызматынан кетиришет.

Буга, шаар аймагындагы 85 гектарга жакын жер тилкеси мыйзамсыз берилип кеткени жана 9000 сомго бааланып сатылып алынган көчөттөр себеп болмокчу.

Учурунда, Бишкек шаарынын мэри болуп турганда 16 гектар жерди колдонууга мыйзамсыз берген деген айып тагылып, качып жүргөн Данияр Үсөновго 15 жыл эркинен ажыратуу чечими чыккан. 

БУЛАК: maalymat.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу