Бишкек шаарынын мэриясы 9 миллион сомго ар бири 111 миң сом турган 81 кондиционер сатып алат

Бишкек шаарынын мэриясы 81 кондиционер сатып алуу үчүн 9 миллион сом коротот. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов билдирди. Анын айтымында, мэриянын имаратына жаңы 81 кондиционер орнотулуп, эски 81 кондиционер алынып салынат. Кондиционерлерди сатып алууга шаардык бюджеттен 9 миллион сом бөлүнгөн.

“Мэриянын мекемеси тарыхый имараттардын катарын толуктайт. Бул иш «шаардын көркүн бузбай жаңы кондиционер коюш керек» деп, Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси менен ишке ашууда. Негизи бул маселе 3-4 жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Азыр 81 кондиционер сатып алууга 9 миллион сом каралды. Тендер 6-июнда өтөт, кайсы фирма менен баасы канчадан болот ошондо чечилет”, — деди Койчугул Ибраимов. Андан сырткары ал мэрия эң жакшысын, кышы-жайы иштей бере турган кондиционер сатып алууну көздөп жатканын билдирди.

Эгер аталган маалыматка таянсак, мэрия ар бир кондиционерди болжол менен 111 миң 111 сомдон сатып алат. Бишкек шаарындагы кондиционер саткан дүкөндөр менен байланышканыбызда, алар Бишкекте кышы — жайы иштей турган эң эле кымбат кондиционер 77 миң сом турарын айтышты.
Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу