Бишкек шаарынын мэриясы таштанды полигонун жабууга атайын техника сатып алды.

28-декабрда Бишкектин четиндеги таштанды таштоочу полигонун жабууга жана жаңысын куруу үчүн ишти аткаруучу «Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS» бирикмеси тарабынан 6 техника алынып келди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, техникалардын биринчи партиясында 40 тонналык 1 бульдозер, 2 экскаватор, 3 думпер алынып келди. Ал эми экинчи партиясы жаңырган жылдан тарта келе баштайт.

Аталган техникалар Европа биримдиги тарабынан 8 миллион евро грант, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан 11 миллион евро насыя жана 3 миллион гранттын негизинде алынды.

БУЛАК:5news.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу