Бишкек шаардык сотунун талаштуу чечими

Бишкек шаардык соту мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов менен кошо «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин дагы баш коргоо чарасын карап, аларды абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды.

Адвокаттар сот Чотоновдун баш коргоосу каралган учурда ага кошуп Текебаевге карата дагы чечим чыгарып, алардын бөгөт чарасына даттануу тартибин одоно түрдө бузду деп айыптады. Муну алар сот ишин тез арада бүтүрүп, Текебаевди президенттикке талапкер катары каттабоо үчүн жасалган амалкөй жоосун катары мүнөздөштү.

Сот Текебаевдин баш коргоо чарасын кароонун мыйзамдуулугу боюнча мамлекеттик айыптоочулардан өтүнүч келтирилгенин жүйө катары кармаса, Башкы прокуратура болсо мамлекеттик айыптоонун буга мыйзамдуу укугу бар экенин жарыялады.

Баш мыйзамга ылайык, шайлоо күнү жарыялангандан күндөн кийин жаран президенттикке талапкер катары катталса, шайлоо бүткөнгө чейин ага каршы козголгон кылмыш иши соттун өкүмү чыкканга чейин токтоп турат.

Чукул соттук кароонун табышмагы

Бишкек шаардык сотунда камакка алынган саясатчылардын бири Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасына даттануу арызы 12-июнь күнү кечке жуук каралмак. Бирок анын бөгөт чарасын кароо ишине башкы «атамекенчи» Өмүрбек Текебаев дагы кошо алып келинди.

Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы буга шаар прокурору Бейшекеевдин бөгөт чарасынын мыйзамдуулугун карап берүү тууралуу сунушу негиз болгонун жүйө келтирген. Андан соң бөгөт чарасы каралып, сотко төрагалык кылуучу эки саясатчыны тең камакта калтыруу чечимин окуду:

Биринчи Май райондук сотунун 2017-жылдын 22-майындагы Текебаевдин жана Чотоновдун Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин биринчи бөлүмүндөгү кылмыш белгилери боюнча айыптоо боюнча жазык ишинин сотко караштуулугун жана алардын бөгөт чарасы катары камакка алуу түрүн тандоо тууралуу токтомун мыйзамдуу жана негиздүү деп таап, ал күчүндө калтырылсын. Бишкек шаарынын прокурору Бейшекеевдин бул тууралуу кассациялык сунушу канааттандырылсын.

Жок ченемди ойлоп табуунун жоболоңу

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары соттун мындай чечимин мыйзамды одоно бузуучулук катары айыптап чыгышты. Алардын айтымында,
12-июнь күнү кечке жуук Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын кароо иши эле дайындалган. Текебаевдин баш коргоо чарасы тууралуу анын адвокаттары даттануу жөнөтүшкөн эмес. Алардын айтымында, Текебаевдин бөгөт чарасынын мыйзамдуулугун кароо боюнча сотко сунуш жөнөтүүгө Бишкек шаардык прокурорунун укугу мыйзамда көрсөтүлгөн эмес.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова арыз берилбегенине карабастан сот экөөнүн бөгөт чарасын бир учурда карап салганын билдирди:

Чотоновдун бөгөт чарасына даттануу каралып жаткан учурда Текебаевдин дагы баш коргоо чарасы боюнча прокурордун сунушун кароо бул — мыйзамды өтө эле аша чапкандык менен одоно жана орой түрдө бузуу болуп калды. Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары каттатпай, тез арада соттоп жиберүү үчүн булар мүмкүн болушунча мыйзамды бузуу жолу менен болсо дагы соттук кароонун мыйзамдуу тартибин бузууга барышты.

Ошол эле кезде «Ата Мекен» фракциясы соттолуп жаткан эки саясатчынын бөгөт чарасын кароо тартиби одоно түрдө бузулуп, прокурордун өтүнүчү менен баш коргоо чарасын караган өнөкөт түзүлгөнүн жарыялады. «Ата Мекен» фракциясынан депутат Алманбет Шыкмаматов бул соттук-укуктук чалкештик туурасында буларга токтолду:

Бүгүнкү сот чечими мурда Кыргызстандагы соттук практикада болуп көрбөгөн өтө чоң катачылык жана өнөкөт болду. Прокурорлор менен соттор мыйзамда каралбаган ченемди ойлоп таап, аны пайдаланды. Прокурор бөгөт чарасынын мыйзамдуулугун тастыктап бер деп эч убакта кайрылган эмес. Анткени мына ошондой мыйзам жок. Мындай тажрыйба бир дагы мамлекетте болгон эмес. Булар азыр мына ушундай кооптуу жаңылык киргизишти. Мыйзамдуулуктун жоктугуна жана адилетсиздиктин толук орногонуна кашкайган далилдердин бири мына ушул. Башка айтар сөз жок.

Анткен менен прокуратура органдары өзүнүн бул кадамын мыйзамдуу деп эсептейт. Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Алманбет Абдраманов мамлекеттик айыптоочу соттолуучунун бөгөт чарасынын мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен сотко кайрылууга укугу бар экенин белгиледи:

Кылмыш-жазык-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, мамлекеттик айыптоочулар мына ошондой мазмунда сотко өтүнүч келтирүүгө акысы бар. Мыйзамда каралган үчүн мына ошондой негизде өтүнүч болду. Эгерде андай нерсе мыйзамда жок болсо, анда алар деле бул боюнча өтүнүч келтирише алмак эмес. Мына ошол сотко берилген өтүнүчтү дагы кандайдыр бир укуктук негизге таянып туруп анан жөнөтөт да. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон жок.

Бирок Кылмыш-жазык-процессуалдык кодексинен прокурорлордун бөгөт чарасынын мыйзамдуулугун тастыктоого өтүнүч келтирүү укугу бар экенин таба алган жокпуз.

Жакында баш коргоо маселеси чечилгенге чейин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун Биринчи май райондук сотундагы ишин кароо убактылуу токтогон болчу. Текебаев 2010-жылы орус жаранынан ири суммада пара алган деген шек менен февраль айында кармалып, көп өтпөй ушул эле ишке байланыштуу Чотонов камалган.

Үч айдан ашуун убакыттан бери эки саясатчы атайын кызматтын тергөө абагында кармалууда. УКМК тергеген бул ишти райондук сот 5-июндан баштап кароого киришкен.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу