Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ууруну шаар башчы кылып отуруудан азырынча уяла элек…

Негизи Бишкектеги «эң майлуу» тилкелери болуп саналган түштүк аймактагы гектарлаган жерлердин мыйзамсыз ижарага берилгени боюнча маселе буга чейин да парламентте жана маалымат каражаттарында көтөрүлгөн эле.

Алсак, “Елизавета” курулуш компаниясынын башчысы Нуржан Тынымсейитова, Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаарынын «Беш Сары» соода комплексинин ээси Камчыбек Жолдошбаевдин иниси Сариев Таалайбек Жолдошбаевич жана Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна алып көрөлү. Булар Атамбаевдин мурдагы «таразачысы» Албек Ибраимовдун кылмыш-иштерин кантип айтып чыга алат? Айтып чыкканга камынган күнү Албек Ибраимов «Беш Сары» соода борбору мыйзамда көрсөтүлгөн кызыл сызыкты «тепсеп» өтүп мыйзамды бузуу менен салынганын аныктаган кагаздарды алдына таштап коеру турган иш.
Алыска барбай “Бишкеккурулуш” фирмасынын жетекчи орун басары Гүлнара Молдобаеваны алып көрөлү. Эл үчүн күйгөн кайсы кызматы бар? Өз курулуш фирмасы жумушу жок калбасын деп баарына даяр. Анан ушул айым Бишкек шаар башчысынын кемтигин түздөп, кенешин айта алабы?
Ал гана эмес Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын катарын бир убактагы шаар башчысы, Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренесине ылайык, кылмыш иши козголгон Кубанычбек Кулматовдун экинчи жубайы Кулматова Наталья Анатольевна толуктайт. Күйөөсү жемкорлукка каршы шектелип кармалып жатса, аялы акыйкатты айтууга кудрети жетет деп ким кепилдик берет?

Эң кызыктуусу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев дагы мындай көрүнүштөн алыс эмес. Мисалы шаар ичинде жайнап турган жаранама щиттери бар. эЭ арзаны бир айга 300 долларды түзсө эң кымбаттары 1000 доллардын башын жеген. Мына ушул щиттердин ээси ким деген суроо коомчулукта көптөн бери айтылып келет. Көрсө мындай бел орутпаган бизнестин ээлери Бишкек шаардык кеңешинин спикери Алмаз Кененбаев менен мурунку башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Кубанычбек Конгантиев экен. Бул эл үчүн күйгөн эргулдар мамлекетке болгону 1300 сом гана төлөп калган каражат менен өз капчыктарын толтурушат экен. Анан кантип карга карганын көзүн чукусун дегендей мындай төрага менен депутат кылмышка шектүү мэрге акыл айта алсын? Моролдык деле укугу жок да.
Убагында шаардык кеңештеги «Республика — Ата-Журт» фракциясы Бишкек мэринин жасаган ишин канааттандырарлык эмес деп таапканын жар салышкан. Ал гана эмес шаардык кеңештин мурдагы төрагасы, учурда «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Канат Музуралиев алар кабыл алган чечим мыйзамдуу экенин, мэр эки жылдан бери жасаган иши боюнча отчет бере электигин маалымат каражаттарына саймедереп берген эле.
Бирок Албек Ибраимов анын ишин шаардык кеңештеги фракциянын баалашын «саясий заказ» деп атады эле депутаттар коңулга кире качышты. Шаар башчысынан жалдырап дагы, эки жылда бир жолу отчет ала албаган эл өкүлдөрүнүн чынында кимге кереги бар? Шаар тургундарынын көйгөйлөрү күн санап өсүп жатат, бирок, шаар башчысы шаардык кеңештин депутаттарын акча таратып бергени үчүн депутаттар сессия өткөрбөй качып жүрөт. Ал эми айрымдарын биз жогоруда айткандай кылмыш иши боюнча коркутуп алган. Болбосо кылмышка шектүү адамды борбор каалабыздын башчысы кылып кармап отурууга абийирдүү эл үчүн күйгөн депутаттар жол бермек эмес да.
Мисалы, Албек Ибраимов борбор шаарга жер астындагы өтмөк жасаганы өтө сапатсыз болгонун эч ким тана албайт. 9 миң сомго көчөт алынып келгени, жерлердин сатылды деп жатканы, жолдордун сапатсыз курулганы боюнча көп маселелер бар. Эгерде булар боюнча кылмыш иши козголо турган болсо, бери жагы 30 жылга камала турган кылмыш иштер. Баарын көрүп, угуп туруп үн катпаган Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы жана башка фракциялардын депутаттары дагы жоопко тартылышы керек. Эмне үчүн, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаардык кеңештин төрагасы үн катпай жатат. Эмне буларда жоопкерчилик деген жокбу?
Мына жакында УКМК Дастан» ААКсында ири өлчөмдө каражат уурдалгандыгы тууралуу факты аныкталып, Кылмыш жана жаза кодексинин 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) менен Албек Ибраимовго кылмыш ишин козгоду. А Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ууруну шаар башчы кылып отуруудан азырынча уяла элек. Негизи эле Бишкек шаардык кенешинде намыстуу бир депутат барбы?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу