Бишкек ТЭЦин модернизациялоону М.Бакиев 150 млн долларга бааласа, С. Исаков аны 386 млн долларга неге көтөргөн?

Азыркы тапта тергөө абагында жаткан мурдагы премьер-министр С. Исаков Бакиевдердин маалында да кызматта жүргөнүн баарыбыз билебиз. Болгондо да ал Максим Бакиевдин көздөй кадры болгон. Максим кайда барса дагы анын жанында “сары бала” дайыма ээрчип жүрчү. ЦАРИИде иштеген.

Ошол Бакиевдердин доорунда дагы Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Ошондо да кытайлык ТВЕА менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Ал сүйлөшүүлөрдө кыргыз тараптын башында Максим Бакиев турган. Анын жанында Сапар Исаков болгон. Адегендеги алгачкы шарт боюнча ТЭЦти модернизациялоого 110 млн доллар кредит жана ага кошумча 40 млн доллар (откат) деп бааланган. Бирок, ал макулдашуулар жүзөгө ашпай калган. Себеби, 2010-жылы апрель революциясы болуп кеткен эмеспи.

Анан ошол эле сүйлөшүүлөрдүн уландысы А. Атамбаевдин доорунда уланган. Ал убакта С. Исаков КР президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турган. Ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, баардык макулдашуулардын жүрүшүн өз көзөмөлүнө алган. Натыйжада Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун баасын 386 млн долларга жогорулатып таштаган.

Эми салыштырып караңыз, М. Бакиев 150 млн долларга баалап атат, ал эми С. Исаков 386 млн долларга. Эки эседен да ашык баага жогорулатылып атабы? Анан кантип бул жерде жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылган эмес деп айтууга болот. Макул, 2009-жылдан кийинки ТЭЦ модернизацияланганга чейинки 5-6 жыл ичинде жабдуулардын баасы кымбаттаган дейли, ошондо деле ашып кетсе 200 млн долларга бааланышы керек эле да. Анда калган 186 млн доллар кимдердин чөнтөгүн «ысыткан» болот? Мыну ушул суроого так жоопту С. Исаков гана бере алышы мүмкүн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу