«Бишкек Парк» соода-оюн-зоок борборунда Атамбаевдин кандай үлүшү бар?

Борбор калаабыздагы ири соода борборлорунун бири болуп саналган, Киев көчөсүндөгү «Бишкек парк» соода-оюн-зоок борбору ири суммадагы киреше алып келүүчү бизнес экендиги айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Бул соода борборунун имараты курулуп атканда, аны түрк ишкерлери куруп атканы тууралуу кеп кеткен. Бирок, анда экс-президент А. Атамбаевдин да үлүшү бар экендиги эч кимге айтылган эмес эле. Көрсө, бул соода борбору түркиялык ишкер Хусаметтин Иылмаз менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин биргелешкен долбоорлорунун бири болуп саналат экен. Экөө биргелешип, бизнес жүргүзгөн өнөктөштөр экендиги эми билинүүдө. А. Атамбаев өзү бийликте турганда “Бизнесмендер бизнес менен агана алектениши керек, алар саясатта болбошу керек” деген сөздү айтканды жакшы көрчү. Бирок, өзү мамлекеттеги эң жогорку кызмат – президент болуп турган чагында эле Х. Иылмаз сыяктуу бизнес-өнөктөштөрү менен тымызын кызматташып келгенин кандай түшүнсөк болот? Айрым маалыматтарга караганда Х. Иылмазды А. Атамбаев элдин көзүн бое үчүн жасалган айрым финансылык махинацияларда да ортомчу катары пайдаланышчу дешет. Кыңыр иш кырк жылга жетпей эле билинет экен, ошолордун баары минтип бир четиненг былгып чыга баштады.

БУЛАК: maalymat.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу