Бишкек мэрлигине талапкер Азиз Суракматов шаарды гүлдөтөбү?

 

Коррупцияга шектелип камакка алынган Албек Ибраимовдон кийин Бишкек шаарына мэр болуп ким келет деген кызуу талкуулар күч алган кез. Бишкек шаарды кенештин көпчүлүк коалициясы ЖКнын мурдагы депутаты Азиз Суракматовду көрсөттү.
Өмүр баянын карап көрсөк, инженер-куруучу Суракматов Эмилбек аксакалдын уулу экен. Эмилбек аксакал өмүр бою курулуш тармагында эмгектенип, уулун дагы өндүрүштүк жана жарандык курулуш кесибине окутуптур. Айтылуу “Елизавета” курулуш компаниясы дагы атасы аркылуу түптөлүп, үй-бүлөлүк бизнес болуп, шаардагы сапаттуу көп кабаттуу үйлөрдү курган компания экенин көпчүлүк билет.
Азиз Суракматов Бишкек шаарында туулуп-өскөн, иштеген, борбор калаанын көйгөйлөрүн жакшы билген киши. Эмгек жолун Фрунзе ПМКсында өндүрүш мастери болуп баштаптыр. Андан соң Токмок ремонт курулуш башкармалыгында мастер, Бишкек башкы архитектурада инженер, архитектор, юрист, Бишкек мэриясында бөлүм башчы, Бишкек архкурулушта, Жогорку Кеңеште депутат болуп эмгектенген.
Учурда үй-бүлөлүк “Елизавета” компаниясында инвестиция тартуучу директор болуп иштеп жатыптыр.
Татыктуу тарбия алган бул жигит эми Бишкек шаарын гүлдөтүп, архитектуралык жаңылыктарды киргизип, эң башкысы, коррупциялык иштерге аралашпай, тескерисинче, мэриядагы, оболу ошол эле Бишкек башкы архитектурадагы коррупциянын тамырын кыркып, жер махинацияларына бөгөт коюп, көмүскө схемаларды ачыктап, кыргыз үчүн күйүп иштесе. Эгерде андай иштей албаса, элдин жана мамлекеттин укуругу узун – тез эле эсине келтирип коет. Бирок, үмүттүн оту акыркы өчөт дегендей, үмүттөнүп туралы.
47 жаштагы Суракматов теги Чүйдүн Асыл-Баш айылынан болот. Фрунзеде туулуп-өскөн Азиз Суракматов эми Бишкекти Фрунзедей гүлдөтөр.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу