Бишкек мэриясы ар бир автобустан 15 миң доллар «жеп» койдубу?

Бишкек мэриясы өткөн жылдын этегинде шаарга автобус алып келүү боюнча тендер өткөрүп, ага 8 компания катышкан. Жеңүүчү катары Кытайдын Zhengzhou Yutong Bus Co., Ltd. компаниясы табылган. Мэрия жалпысынан бюджеттен 302 миллион 600 миң сом короторун айткан. Жаңылбасак, аталган компания Бишкекке Евро-5 үлгүсүндө, метан менен жүрө турган 60 автобустун ар бирин 72 миң; доллардан алып келерин билдирген. 60 автобуска бюджеттен 300 миллиондон ашуун каражат карал ары айтылган. Ошол автобустардын биринчи партиясы алынып келингени айтылууда. Бирок тендерге катышкан башка бир компания бир автобуска 75 миң доллар сунуштаган экен. Ал 75 миң долларлык автобустун ичинде баасы 6 -7 миң доллар турган кондиционери бар жана ходовка системасында да баасы 6-7 миң долларды чапчыган дагы бир тетиктен айырмаланат экен. Бирок мэрия ал компанияны “жыга чаап, Yutong Bus Co., Ltd. компаниясын алдыга сүрөп, ошону уттурушкан. Бул компания алып келип жаткан автобустун кондиционер жана жогоруда айтылгандай ходовка системасындагы баалуу тетиги жок. Жөнөкөй гана. Ошого карабастан 72 миң долларды чапчыптыр. Ошентип, ар бир автобустан ортодо 15 миң  долларга чейин айырма чыгып жатат. Эмне үчүн мэрия сапаттуу бышык автобус алып келүүнү каалабайт? Эл үчүн жайкы ысыкта автобус ичинде кондиционер болгон жаманбы? Же бул сапаты начар автобус алып, анысы бат-баттан бузула берсе, акча которуп, андан өнөп жеп калууну жакшы көрүшөбү? Кыскасы, элди ойлобой эле өз чөнтөгүн ойлогон атка минерлерден жакшылык күтүүгө болбой калды окшойт.

БУЛАК: Багыт. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу