Бишкек мэриясынын эки ведомствосунун жетекчилери алмашты. Алар ким?

Аталган буйруктарга мэр Азиз Суракматов кол койгон.

«Бишкекзеленхоз» муниципалдык ишканасынын жана капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери алмашты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.

Маалыматка ылайык, «Бишкекзеленхоз» ишканасынын жаңы жетекчиси болуп Элнура Жолдошова дайындалган.

«Ал буга чейин ишкананын башкы агроному болуп иштечү. Ал эми мурунку жетекчиси кызматтан өз каалоосу менен кеткен», — деп жазылат маалыматта.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси болуп Уланбек Азыгалиев дайындалды. Ал буга чейин архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору болчу.

Эске салсак, капиталдык курулуш башкармалыгынын буга чейин Нурлан Эшенбаев жетектеп келген.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу