БИШКЕК – КАРА-БАЛТА ЖОЛУНУН 1 ЧАКЫРЫМЫ 2 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА БААЛАНУУДА

Бүгүн, 14-апрелде «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында Премьер-министрдин Кыргыз Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө отчетунун алкагында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы угулду.

КР Транспорт жана жол министрлигинин стат-катчысынын м.а Эрмек Мамыркалиев министрликтин өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасады.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Мирлан Бакиров министрликтин отчетунда жасалган иштер тизмектелгени менен маселе барып-барып эле ал иштердин сапаты жана көрсөткүчүнө барып такалып жатканына токтолду. Ал Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт дарыясына салынган көпүрө 11 миллион долларга бүткөрүлгөндүгүн айтып: “Биз ушунча бай мамлекетпизби же каражатты сарамжал пайдалана албайбызбы”,- дейт. Ошону менен катар депутаттын суроосунан кийин Бишкек – Кара-Балта жолу үстүбүздөгү жылдын август айында башталаары такталып, Бишкек-Ош жолунун Жалал-Абад – Маданият бөлүгү быйыл башталбай калышы мүмкүндүгү белгилүү болду. Ички жолдордун курулушу дагы сапатсыз болуп жатканы айткан М.Бакиров Транспорт министрлиги бүгүнкү күндө алсыз министрликке айланды деген баасын берди.

Жыйын жүрүшүндө депутат Абдыкапар Султанов экономиканын келечеги экспорттоодо делгени менен “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасында вагон жетишсиздигин, бул маселеде министрлик көмөктөшпөгөндүгүн сынга алды. “Мындай кайдыгерлик менен ишкерлердин колу-буту байланып, дээрлик миллиард сомдор сыртка кетип жатат”- дейт ал. Министрликтин стат-катчысынын милдетин аткаруучу Эрмек Мамыркалиев темир жол маселесин терең изилдеп, талдоо боюнча иш-пландар бар экенин жооптоду.

Фракцияда аталган министрликке кийинки сын депутат Алтынбек Жунус уулу тарабынан айтылды. Анын пикиринде, эч кандай ашуу-бели, чоң көпүрөлөрү жок Бишкек – Кара-Балта жолунун 1 километри дээрлик 2 миллион АКШ долларына бааланып жатат. “Эң бай өлкөлөрдө да мындай баа жок. Акыры бул каражаттар бекер эмес да, келечекте балдарыбызга, неберелерибизге насыяларды карызга калтырып жатабыз”,- дейт депутат.

“Каржы министрлиги каражаттарды толук кандуу берип жатса, министрлик алдына койгон иш-планына чыга албай жатса, демек, министрликтин ишинде коррупция бар деген бүтүм чыгарса болот”,- дейт депутат Абылкайыр Узакбаев.

Талкууда мындан сырткары, авиация тармагындагы көйгөйлөр, ички авиа каттамдарды ачуу маселелери, министрликтеги кадр саясаты, Ысык-Көлдү айланта салынчу шакекче жол, жолдордун бузулуш себептери сындуу бир катар көйгөйлүү маселелер айтылды.

Жыйынтыгында Транспорт жана жолдор министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп табылды.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу