Бишкек ЖЭБине 24,6 миллион сомго видеобайкоочу камераларды сатып алуу пландалып жатат

«Электр станциялары» ишканасы Бишкек жылуулук электр борборуна 24 миллион 640 миң сомго видеобайкоочу камералар системин орноткону жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Маалым болгондой, камералар негизги жана кошумча жабдууларды байкоо үчүн орнотулмакчы.

Буга чейин ЖЭБдеги видеобайкоочу камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан жумшалышы боюнча маалыматты ЖЭБдеги жагдайды иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов буга чейин айтып чыгып, бул коомдо кызуу  талкууга алынган. Депутат аталган видеокамераларды сүрөткө тарта келген.

«128 камера деп маалымат берилген болчу, иш жүзүндө 123 камера жана бир сервер орнотулуптур. Жалпысынан 1 миллион 800 миң доллар сарпталган. 123 камеранын ичинен 8 камера атайын даярдалган кымбат камералар. Калган 115 камера жашоо турмушта, кафелерде, өндүрүштө колдонулуп жаткан эле камералар экен», — деген Жамангулов.

Улуттук энергетикалык холдинг: «ЖЭБдеги камералардын баасы 14,5 миң доллар эмес, 300 доллар. Аларды орнотууга 1 миллион доллардан ашуун каражат кеткен», — деп жооп берген. 

БУЛАК: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу