Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге кылмыш иши козголду

30-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын “Политклиника” сайтына жазган катынан белгилүү  болгондой, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев  2009-жылы “Ала-Арча” VIP шаарчасынан  6 жер тилкесин өзүнө караштуу кишилер аркылуу мыйзамсыз менчиктештирип алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин “Политклиника” сайты бул факты боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп, ачыктаган фактыларын Генералдык прокуратурага жөнөткөн.  Прокуратура бул иликтөөнүн материалдарын текшерип көрүп, кылмыш ишин козгоп, жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү эсебине каттаган.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу