Бишкектин тургуну Ысык-Көлгө эс алып барып аялын өлтүрдү

14-август күнү 49 жаштагы Бишкек шаарынын А.У. аттуу тургуну Кыргыз Республикасынын ИИМдин криминалдык милиция кызматына өз ыктыяры менен келип, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылынан 36 жаштагы жубайын өлтүрүп алгандыгын билдирген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын айтымында, ал жубайы менен 11-августа Тамчы айылына эс алганы барышкан. Эртеси, болжол менен саат 22:30 чамасында мас абалында, ортодон чыккан чатактын айынан жубайын муунтуп салган.

Үйдүн ээсине дагы бир күнгө мөөнөтүн узартып, 13-август күнү Бишкек шаарына барып милицияга болгон окуяны айтып берген.

Бул билдирүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин криминалдык милиция кызматынын жана Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери көрсөтүлгөн дарекке барган учурда аялдын жансыз денеси табылган.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу