Бишкектин мэри Азиз Суракматов орун басарларын дайындады

Мэрдин эки орун басары жана аппарат жетекчиси алмашты.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өзүнүн эки орун басарын жана жана аппарат жетекчисин дайындады. Бул тууралуу калаа бийлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, мурун Финансы министринин орун басары болуп иштеген Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэр болду. Бул кызматты буга чейин Ренат Макенов аркалап келген.

Вице-мэр Эркинбек Исаковдун ордуна «Тазалык» муниципалдык ишканасын башкарган Рыспек Сарпашев бекитилди.

Ал эми мэриянын аппаратын «АЮ холдинг» компаниясынын вице-президенти Балбак Түлөбаев жетектейт.

Эске сала кетсек, 8-августта борбор калаанын 14-мэри болуп Азиз Суракматов шайланган.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу