Бишкекте 23 жаштагы велосипедчен автобустун алдында калып каза болду

Бишкекте жүргүнчү ташыган автобус велосипедчен кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 31-майга караган түнү саат 00:05тер чамасында айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда велосипед менен бараткан 23 жаштагы жаранды Setra үлгүсүндө автобус сүзүп кеткен.

Кырсыкка кабылган адам окуя болгон жерде алган жаракатынан улам көз жумган.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып, тергөө иштери уланууда. Айдоочу Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жеткирилип, автобус унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу