Бишкекте 100 сомго кантип күйөө тапса болот…

Биздин менталитетибизге туура келбеген, адаттан сырт көрүнүштөр күн санап
көбөйүүдө. Мындай дегенибиздин себеби азыркы учурда эки адамды тааныштырып
бизнес кылган инсандар да бар экени анык. Ал адамдардын аракетин билүү үчүн жол
боюна илинген жарнама боюнча барып, күйөө жана аял табып берүүчү адамга кардар
катары барып маектешип көрдүк. Барганда кадимкидей эле бир бөлмөдө олтурат экен. Жакшы маанай менен тосуп алып, берген суроолорубузга жооп берип, өзүнүн
ишмердүүлүгү боюнча айтып берди.

-Бул жерди ачканыбызга 7 айдын жүзү болду. 7
айдын гана жүзү болсо да табышып үйлөнгөндөр бар.
Бизге ар кандай адамдар келишет. Үй- бүлө кургандар
жана үйлөнүүгө жана турмушка чыгууну
пландагандар. Ал эми биз кыз менен баланы
тааныштырууда биринчи кызга баланын сүрөтүн
көрсөтөбүз. Эгер кыз таанышам десе анан балага
көрсөтөбүз.
– Тааныштыргандан кийин жоопкерчиликти
аласыздарбы?
-Жок биз жоопкерчиликти албайбыз. Анткени бизде келишим кагаз бар. Ошол жерде баары
жазылган. Биз аларды тааныштырып эле коёбуз. Алардын жолугушуусу өздөрү каалаган жерде
болот. Эгерде баш кошуп калышса, анда бизге жоопкерчиликти артпайбыз деген кагаз жазып
беришет.
– Көбүнчө кандай адамдар келет. Үй-бүлө кургандарбы же бойдок кыз, балдарбы?
– Бизге ар кандай адамдар келишет. Кээ бирлер ичпесе, чекпесе, болгону күйөө болуп жанымда
жүрсө деген да айымдар бар. Ал эми жаш кыздар да келишет. Биз 20 жаштан жогорку жаштагы
кыздарга таап беребиз. Эгер 19 жаш болсо анда кабыл албайбыз. Анан бул жумуштун эң жаманы
тааныштырсаң эле жага калбайт. Тандоо канчалык көп болсо, тандоо да ошончолук болот экен.
Жакында эле бир эжени 6 адам менен тааныштырдым. Биринин көзү мындай экен, тигинин мурду
картошкадай экен деп эч жакпай койду. Ошондуктан мен 3 адам менен гана тааныштырам деп
чектөө койдум.
– Сиздердин кызматыңыздарга канча акча төлөө керек?
– Биздин кызмат үчүн 100 сом төлөө жетиштүү. Бизге ушул гана акчаны гана төлөп үч адам менен
таанышууга мүмкүнчүлүк алат. Мен мындан башка адамдардан акча албайм.

Булак: Факт.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу