Бишкекте элге эшек этин жегизген жай табылды…

Бишкектеги эт саткан жайлардын биринде эшектин этин уйдун эти деп сатып келген көмүскө жай бар. Бул тууралуу Тимур Анваров аттуу жаран өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында эт саткан жай Бишкектеги Саратов көчөсүндө жайгашкан.

“Көзөмөл органдары көңүл буруңуздар, бул боюнча айтып жана кайда болуп жаткандыгын көрсөтүп бере алам. Эт саткан жайдын кожоюну Николаева Любовь Андреевна”,- деп жазган фейсбуктагы баракчасына.

Бул факт боюнча Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.

Булак: Чындык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу