Бишкекте «Улуттук мекенчил күчтөрдүн» курултайы өтүүдө

Бишкекте өздөрүн «Улуттук мекенчил күчтөр» деп атаган кыймылдын Республикалык курултайы өтүп жатат.
Иш-чаранын күн тартибинде — Курултай институтун Конституцияга киргизүү жана жаңы паспортто «улуту» графасын калтыруу маселелери каралат.

Уюштуруу комитетинин башчысы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров курултайга чакырылган бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары келбегенин билдирди.

Өздөрүн «Улуттук мекенчил күчтөр» деп атаган кыймылдын активисттери 28-апрелде Бишкекте жыйын өткөрүп, аймактарда курултайларды өткөрүү жана бир айдан кийин борбордо чогулуу чечимин кабыл алышкан.

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин апрелдин башындагы жыйынында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катыша турган Элдик курултай институтун калыбына келтирүүнү сунуштаган. Курултайларды өткөрүү тууралуу нормалар өлкө Конституциясынын 52-беренесинде жазылган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу