БИШКЕКТЕ ТҮНДӨ АТЫШУУ БОЛДУ

Бишкектин чок ортосунда түнкү саат 3:00 чамасында массалык мушташ жана атышуу болгонун айрым маалымат булактары жазып чыгышты.

Окуя Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Деревяшка» кафесинин жанында болгон.

“Анда болжол менен 5-6 адам мушташкан. Натыйжада ок чыгарылып, бир адамдын бутуна ок тийип, ооруканага жаткырылды. Ошондой эле ар кандай жаракаттары менен дагы 3 жаран ооруканада. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча ок чыгарган жаран дагы жаракат алып дарыланууда”,-деп жазылат маалыматта.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу